“Бир күнү менин момун денем сөзсүз топуракка айланат.
Бирок Түркия Республикасы түбөлүк жашайт.”
М. Кемал Ататүрк
Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору менен бирге улуттук күрөшкө катышып, мекен үчүн жанын курман кылган түрк улутунун жакырчылыктан чыгаруу кереметинин урматына аталган Түркия Республикасынын негизделишинин 101-жылдыгына жетүүдөгү кубаныч жана сыймыкты жашап жатабыз. Ата-бабаларыбыздан бизге мураска калган, түбөлүккө коргоп, сактай турган Республикабыздын түптөлүшүнүн 101 жылдыгы жана 29-октябрь - Республика майрамыбыз куттуу болсун!
Республика катары жарыялоо башкаруу формасын гана өзгөртүү дегенди билдирбейт. Ага ылайык, эгемендик элдик башкаруунун алдында болуп эсептелет. Республика – өтмүштүн гана эмес, келечектин да кепилдиги. Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн “Эң чоң эмгегим”, - деп атаган Түркия Республикасы бүгүнкү күнгө чейин жетишкен бардык жетишкендиктери аркылуу экинчи жүз жылдыгына бекем ишеним жана туруктуулук менен кирип жатат.
М. Кемал Ататүрк мындай деген: “Жаштар, биздин кайратыбызды бекемдеп, сактай турган силерсиңер. Силер алган тарбия, акылмандык, адамгерчилик менен маданияттын, мекенге болгон сүйүүнүн, ой эркиндигинин эң баалуу үлгүсү болосунар. Өсүп келе жаткан жаңы муун, келечек силерсиңер! Биз республиканы түптөдүк, аны көтөрүп, сактай турган силерсиңер!” Биз дагы бүгүн Түркия Республикасынын 101 жылдыгын белгилеп жатып, бул ыйык мурасты коргоо жана сактоо жоопкерчилигин сыймыктануу менен алып жүрөбүз. Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары республиканын жетишкендиктерин тынымсыз жана талыкпай өнүктүрүү аракетиндебиз. Жаштарыбызды туусун, улутун, эркиндигин сүйгөн, улуттук-руханий баалуулуктарына берилген, өлкөсүн өнүктүрүүгө жана даңазалоого ат салышкан инсан катары өсүшү үчүн тынымсыз иштеп, республиканын баалуулуктарын акырына чейин коргойбуз. Бул жолдо өзүбүзгө жана жаштарга болгон ишеничибиз зор. Мына ушул маңыздуу күнү бизге аманат болгон республикабызды күн өткөн сайын чыңдоо, өлкөбүздүн атын илимде, билим берүүдө жана технологияда даңазалоо үчүн мындан ары да талыкпай иштөөнү улантууга сөз беребиз.
Республикабыздын түптөлүшүнүн 101 жылдыгында мамлекетибиздин негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана анын куралдаш жолдошторун, Чанаккале жана Боштондук согушунун руху менен өлкөбүздү коргогондорду, шейит кеткендерди, баатыр ардагерлерди сый-урмат, ыраазычылык менен эскерем.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,
PhD., профессор Алпаслан Жейлан