2020-жылдан бери аркалап келген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук кызматына Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, кеңештин мүчөлөрү; Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин (YÖK) мүчөсү Ибрахим Шенел, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, профессор Халим Халдун Гокташ, Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин мүчөсү, профессор Кемал Шеножак жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Шаршеевдин сунушу жана Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү жалпы жыйынынын үстүбүздѳгү жылдын 24-октябрындагы № Z-73112577-201.01.01 247 чыгарган чечиминин негизинде экинчи ирет дайындалдым.
КТМУнун ректорлук кызматына экинчи ирет дайындалганым үчүн кубанычтамын жана муну менен сыймыктанам. Бул кызматты аркалоого мага ишеним көрсөткөн Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапакка жана кеңештин мүчөлөрүнө, ошондой эле Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү жалпы комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзварга жана комиттетин мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем. Кызмат ордуна дайындалуу процессинде колдоо көрсөткөн жалпы кесиптештериме, досторума жана студенттерге ыраазычылык билдирем.
Буга чейин болуп келгендей эле мындан кийинки мөөнөттө да боордош эки өлкө негиздеген, Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын алтын көпүрөсү болгон “Манас” университетин “Университеттен да артык...” деген урааны менен дагы да алдыга карай чыгарууга жана өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап, берилгендик менен талыкпастан иш алып барууну уланта бермекчибиз.
Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирем. Бул дайындалуу биздин университетке, Кыргызстанга, Түркияга жана түрк дүйнөсүнө ийгиликтерди алып келишине тилектешмин. Окуу жайыбыздын урматтуу академиялык жана административдик кызматкерлерине, сүйүктүү студенттерге жана алардын кымбаттуу үй-бүлөлөрүнө ден соолук, тынчтык жана албан-албан ийгиликтерди каалап, терең урмат-сыйымды билдирем.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,
Phd., профессор Алпаслан Жейлан