29-октябрь-Түркия Республикасынын 101-жылдык мааракесине карата Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Бишкектеги Ататүрк сейил багында гүлчамбар коюу аземи уюштурулду.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин жана ага караштуу мекемелердин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, Phd., профессор Алпаслан Жейлан, академиялык жана административдик кызматкерлер, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчилигине караштуу мекемелердин окутуучулары менен окуучулары, түрк уюмдарынын жетекчилери жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.
Азем Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган элчиликтин атынан гүлчамбар койду. Андан соң ТКТРнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты, Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттиги, Түркиянын “Маариф” фонду, Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы, Түркия-Кыргызстан ишкерлер коому, Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому гүлчамбарларын коюшту.
Андан соң Ататүрктү, куралдаш жолдошторун жана бардык шейиттерди бир мүнөттүк эскерүү болуп, Түркиянын гимни аткарылды.
Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Республика майрамынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Элчи Доган: “Бүгүн биз республикабыздын 101 жылдыгын белгилеп жатабыз. Түркия терең тарыхынан алган күчү менен өсүп келе жаткан экономикасы, рационалдуу, гумандуу жана көп тармактуу тышкы саясаты менен алдыга жылууну улантууда”, - деп, өлкө аймагындагы тынчтыктын жана туруктуулуктун маанисине токтолду.
Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн “Менин эң чоң эмгегим” деп атаган республиканы коргоо керектигине көңүл бурган элчи Доган: “Кылымдык республикабызды коргоо менен бул шамананы келечек муундарга өткөрүп беребиз. Түрк элинин ар бир мүчөсү биздин республиканы түбөлүккө сактап калууда чечкиндүү”, - деди.
Элчи Доган улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн “Бүгүн эң чоң майрам. Жалпыңыздардын майрамыңыздар куттуу болсун! ” деген сөздөрү менен жыйынтыктады.
Түркия Республикасынын 101-жылдыгы шыктануу жана сыймыктануу менен белгиленди. Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DBs7iK6tL9s/?igsh=MXJwMDhxZWI4ZDBlaQ