27-31-октябрь күндөрү уюштурулган VIII Түрк кино жумалыгынын гала аземи 2024-жылдын 27-октябрында “Бишкек Парк ” соода борборунда өткөрүлдү.
Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин колдоосу менен “Yerli Düşünce” коому тарабынан уюштурулган иш-чарага КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган баштаган профессордук-окутуучулук курам жана алардын жакындары катышты.
Кыргызстандык кино сүйүүчүлөрдү Түркиянын кино жылдыздары менен жолуктурган аталган иш-чарада коктейлден кийин ачылыш сөздөр менен улантылды.
Андан соң Түркиядан келген коноктор; режиссерлор Мустафа Угур Ягжыоглу жана Эмре Кавук, актёрлор Бестемсу Өздемир, Латиф Кору, Тугба Докузлар, Аслыхан Каралар, Ягызжан Коньялы жана Ясин Чамга Ардак грамоталар тапшырылды.
Иш-чара "Жерден эки метр төмөн” (Nefes Yer Eksi İki) тасмасын көрсөтүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DBvIFHiN7IY/?igsh=MXd1eHJqb2k0dHh3cw==
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DBqUKGwtQaf/?igsh=bGFwNDI0ZjczajU1
Manas TV'nin Haberi: