Чоң экрандын жылдыздары “Манаста” : Түрк тасмалары жумалыгында атайын маек


  • 2024-10-29

“Манас” университетинин чамгарагында 2024-жылдын 28-октябрында кино дүйнөсүнүн жылдыздары менен жолугушуу өткөрүлдү.

VIII Түрк кино жумалыгы - Кыргызстан иш-чарасынын алкагында Түркиядан келген белгилүү өнөр адамдарынын катышуусунда “Манас” университетинин коммуникация факультетинин кинозалында атайын маек болуп өттү.

Иш-чарага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректор PhD., профессор Режаи Доган, кино бөлүмүнүн башкы директорунун орун басары Кемал Уйсал, кино тармагындагы алдыңкы режиссерлор Онер Кылыч, Мустафа Угур Йагжыоглу жана Эмре Кавук, сценарист Пынар Йагжыоглу катышты.

“Манас” университетинин коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушкан өнөр адамдарынын арасында Бестемсу Өздемир, Латиф Кору, Тугба Докузлар, Аслыхан Каралар жана Ягызжан Коньялы орун алды.

“Биз өнөр  адамдарын колдойбуз”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөп, Теңир-Тоонун тоолорунда, Чыңгыз Айтматовдун өлкөсүндө, кино тармагынын жылдыздары менен жолугушуу уюштурулганына абдан  кубанычта экенин билдирди. PhD., профессор Жейлан: “Урматтуу өнөр адамдары, биздин студенттер үчүн сиздер менен баарлашуу жана маалымат алмашуу алардын кесиптик өнүгүүсүндө чоң артыкчылык болот”, - деп, ушул сыяктуу иш-чаралардын студенттерге берген пайдасы жөнүндө айтып берди.

Ректор, PhD., профессор Жейлан кинонун искусствонун бир тармагы гана эмес, адамдардын ар түрдүү маданияттарды таанып-билүүсүнө салым кошконун белгилеп, “Кинону искусство тармагы катары гана кароо туура эмес. Кино - адамдын өздүк маданиятын да, ар түрдүү маданияттарды да таанып-билүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Мындан улам, кино адамдын өзүн-өзү өнүктүрүү, айлана-чөйрө менен сый-урматка жана сүйүүгө негизделген мамилелерди түзүү үчүн абдан күчтүү курал болуп саналат”, -деди.

Түрк маданиятынын өзөгүн инсан жана гуманитардык баалуулуктар түзөрүн айткан  PhD., профессор Жейлан түрк элинин искусствого кошкон салымын баса белгиледи.

PhD., профессор Жейлан чет өлкөлөрдө уюштурулган Түрк тасмалары жумалыгынын иш-чараларына да токтолуп, мындай иш-аракеттер бизге маданиятыбызды жайылтууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөр менен достук мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып, түрк мамлекеттеринде өткөрүлгөн кино жумалыктарынын маданий байланыштарыбызды эске салуу жана бекемдөө жагынан зор мааниге ээ экенин билдирди.

PhD., профессор Жейлан сөзүн мындай деп жыйынтыктады: “Бул сыяктуу иш-чаралар боордош элдерге бири-бирин жакындан таанууга, маданий баалуулуктарын бөлүшүүгө жана орток келечекти курууга себепчи болууда. Андыктан кино жумалыктары сөзсүз колдоого алынып, мындан ары да улантылышы керек.”

Ачылыш сөздөрүнөн кийин түрк кино дүйнөсүнүн белгилүү жылдыздары; Бестемсу Өздемир, Латиф Кору, Тугба Докузлар, Аслыхан Каралар, Ягызжан Коньялы коммуникация факультетинин студенттери менен кино, сценарий жазуу жана актёрдук чеберчилик тууралуу жагымдуу маек курушту.

Суроо-жооп форматында өткөн иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү өнөр адамдары өздөрүнүн карьерасындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаш таланттарга багыт берүүчү кеңештерин беришти.

Иш-чаранын соңунда университеттин жетекчилиги тарабынан өнөр адамдарына кино дүйнөсүнө кошкон салымы жана иш-чарага катышып бергендиги үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Андан соң коноктор “Манас” телеканалына барып, жаңы студияларга барышты. Бул маанилүү жолугушуу студенттер менен чоң экрандын жылдыздарынан ортосунда бекем байланыш түзүп, коммуникация жаатында келечектеги кызматташтыкка жол ачты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBxwCrMNFA_/?igsh=endiYTV1OWo1enA5

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DBwKUQiNEGw/?igsh=MXVuaWs0YWxiaTVlaA==

    Социалдык медиада бөлүшүү