Студенттер Орхун алмашуу программасы менен Түркияда, Азербайжанда жана Өзбекстанда билимин улантышууда


  • 2024-10-30

2024-2025-окуу жылынын күзгү семестринде студенттер Орхун алмашуу программасы менен ар түрдүү өлкөлөрдө билимин улантып жатышат. Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын ортосундагы билим берүү кызматташтыгын бекемдөө максатын көздөгөн программанын алкагында Өзбекстандын Хоканд университетинде, Азербайжандын Архитектура жана курулуш университетинде, Баку мамлекеттик университетинде жана  Азербайжан Тилдер университетинде бирден студент окуп жатат.

Түркиядагы Алания Алааддин Кейкубат университети, Ататүрк университети, Бурса Улудаг университети, Эге университети, Гази университети жана Нигде Өмер Халисдемир университети сыяктуу престиждүү окуу жайларда Орхун алмашуу программасы боюнча жалпы 27 студент билимин улантышууда.

Түрк дүйнөсүндөгү маданий жана  илимий байланыштарды чыңдоого багытталган Орхун алмашуу программасы биздин студенттерге билим алууда эбегейсиз зор тажрыйба алууларына салым кошуп келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBxxemHNxIQ/?igsh=MWk3NjA0ZzMydGs4bw==

    Социалдык медиада бөлүшүү