Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан кафетерия кызматтарына байланыштуу сүйүнүчтүү кабар айтты.
Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында социалдык курулуштар имаратында студенттер менен жолугушкан ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети студенттерге багытталган мекеме экенин белгилеп, “Силер биз үчүн абдан баалуусуңар. Студенттик жашоону оорубай, бейкапар өткөрүшүңөргө маани беребиз”, -деди.
Студенттердин муктаждыктарын эске алышканын айткан ректор, PhD., профессор Жейлан 4 жылдан бери туруктуу болгон тамак-аштын баасы быйыл да өзгөрбөй турганын сүйүнчүлөдү.
Ректор, PhD., профессор Жейландын тамак-аштын баасы быйыл дагы 80 сом болорун уккан студенттер абдан кубанышты. Мындан тышкары ректор Жейлан студенттердин тамактануу учурунда кезек күтүүсүн алдын алуу үчүн жаңы жобо чыгарылганын , ага ылайык, КТМУнун экономика факультетиндеги кафетерия саат 11.00-14.00 арасында ашкана катары колдонула турганын билдирди.
Студенттерге багытталган коомдук иш-чаралардын маанисине да токтолуп, “Бир гана сабактарга көңүл бурбастан, китеп окуу, театр, кино сыяктуу социалдык активдүүлүк менен да өзүңөрдү өркүндөтүшүңөрдү каалайбыз”, - деди ректор. PhD., профессор Жейлан студентке багытталган университет катары бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулганын жана тамак-аштын акысынын өзгөрбөй турганы да бул багыттын бир бөлүгү экенин белгиледи.
Бул сүйүнүчтүү кабарды “Манас” университетинин студенттери шыктануу жана кол чабуулар менен кабыл алышты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DByXTFrtBge/?igsh=aTloZm9pM3RxcXM1