Теология факультетинин диндерди таануу бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD., профессор Кемал Полат менен экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Сейил Нажимудинова 2024-жылдын 30-октябрынан тарта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчилери болуп дайындалды.
Куттуктоо ректоратта расмий программа менен коштолду.
Жаңы дайындалган кеңешчилерге кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан тапшырып, аларга ийгилик каалады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DB0208mN6kS/?igsh=ZGxpcGUza3IzajJq