2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ТИЕШЕЛҮҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯСЫ


  • 2024-11-01

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ
2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ
ТИЕШЕЛҮҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Академиялык түзүмү

Бөлүмү (адистиги)

Кызмат орду

Коюлган талаптар

Саны

Табигый илимдер факультети

Колдонмо математика жана информатика

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Түйүн теориясы жана практикасы боюнча илимий эмгектери (изилдөөлөрү) болушу керек.

1

Инженердик факультет

Жаратылышты колдонуу жана экология

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Катуу калдыктардан табигый полимерлерди кайра иштетүү, целлюлоза, крахмал эфирлерин синтездөө жана тажрыйба жүргүзүү  боюнча эмгектери (изилдөөлөрү) болушу керек.

1

Ветеринардык факультет

Ветеринария

Профессор

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү болуу; Кыргызстандын айыл чарба жаныбарларынын мите курттары боюнча эмгектери (изилдөөлөрү) болушу керек.

1

Арыздар жарыя чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (2024-жыдын 1-ноябрынан 15-ноябрына чейин) КТМУнун Ректоратынын Кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурларда Кадрлар башкармалыгы жоопкерчилик тартпайт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын Кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтердин тизмеси:
Профессордук-окутуучулук курам үчүн: Арыз*, өмүр баян, профессор/доцент/ассистент-профессор/доктор (PhD) илимий даражасын тастыктаган дипломдор жана эквиваленттүүлүгүн тастыктаган күбөлүктөр, талапкердин жарыяланган илимий эмгектер жана басылмалар тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
Дарек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети (Бишкек/Кыргызстан), Жал кичи району 30/42, Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, Ректораттын имараты, Кадрлар башкармалыгы (102-105-кеңсе), Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg (арыз менен документтериңизди ушул электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот).
Байланыш телефондору: +996 (312) 49 27 81(82) факс: +996 (312) 54 19 35.
Эскертме:Талапкерлердин документтери «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын» (https://manas.edu.kg/docs/ktmu-emevzuat.pdf) негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик жана/же расмий тили чет тили катары эсептелбейт.
*Арыздын бланкын (http://www.manas.edu.kg/docs/ktmu-ilan-basvuru-formu.doc) дарегинен алсаңыз болот.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү