Ректор Жейлан ашкана кызматкерлерине ыраазычылык билдирди


  • 2024-11-01

Окуу жайыбыздын ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган менен бирге ашкана кызматкерлери менен социалдык курулуштар имаратында жолугушту. Жолугушууда ректор, PhD., профессор Жейлан ашкананын бардык кызматкерлерине жигердүү кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан окуу жайыбыздын студенттерин тамак-аш менен камсыздоодогу талыкпаган эмгекти белгилеп, ашкана жана кафетерия кызматтары менен кампуста жайгашкан Бишкек Түрк башталгыч мектебинин окуучуларынын  түштөнүүсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн дагы ыраазычылык билдирди. Ашкана кызматкерлеринин университетте өткөрүлүп жаткан иш-чараларда меймандостугу жана жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрү менен окуу жайдын атын таанытууда зор салым кошуп жатышканын баса белгиледи.

Биздин университеттин ашкана жана кафетерияларында күнүнө 7000 адамга кызмат көрсөтүлөт. Ошондой эле студенттерге, академиялык жана административдик кызматкерлер ылайыкталган жалпысынан 3000ге жакын порция тамак даярдалат. Эртең менен саат 07.30дан 08.00гө чейин студенттерге акысыз таңкы тамактын негизинде болжол менен 400 кишиге ылайыкталган шорпо, нан жана чай берилет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DB1iKGYN-0b/?igsh=dzAxbjU3OGMwMWZ6

    Социалдык медиада бөлүшүү