Салтка айланган “Туризмге кош келдиң!” иш-чарасы болуп өттү


  • 2024-11-03

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультети тарабынан  “Туризмге кош келдиң!” аттуу иш-чара болуп өттү. Жыл сайын салтка айланып калган бул саамалык 1-курстун студенттери үчүн уюштурулуп, факультет менен тааныштыруу максатын көздөдү.

Конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн иш-чарага КТМУнун проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, туризм факультетинин деканы, PhD., профессор Ясин Бойлу баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн туризм факультетинин деканы, PhD., профессор Ясин Бойлу уюштуруучуларга, келген конокторго ыраазычылык билдирип, буларга токтолду: “Туризм көптөгөн системага таасир этүү менен бирге алардан да таасирленген бир тармак болуп саналат. Биздин факультет бул өзгөчөлүктөн пайдалангандыктан, окуу жайыбыздагы көптөгөн академиялык биримдер, факульттер менен кызматташтыкта ​​иш алып барууну улантып жатабыз.”

Проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаков өз сөзүндө “Манас” университетинин туризм факультетин тандаган студенттердин сонун мүмкүнчүлүккө  ээ болгонун айтып, алардын кесиптик жолунда факультеттин ролу чоң экенин белгиледи. Туризм факультети окуу жайыбызда эң биринчи ачылган программалардын бири экенин айткан проректор сөзүн мындай деп улантты: “Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан башкы имаратта билим берүү ишмердүүлүгүн баштаган туризм факультети өзүнчө имаратка ээ болуп, 30 жыл ичинде тынымсыз өнүгүп жатат. Аталган факультет билим берүү сапаты жагынан да, натыйжалары боюнча да бир гана Кыргызстанда эмес, Борбордук Азияда дагы эң жогорку бааланган программа болуп эсептелинет.”

“Биз административдик кызматта факультеттерди дайыма өлчөп, критерийлер менен карап келебиз. Бул жаатта туризм факультетинин жетишкендиктери менен студенттерди 4 жылда абдан кызыктуу окуу процесс жана көптөгөн ийгиликтер күтөт деп толугу менен айта алам. “Манас” университетинин түрк дүйнөсүнө болгон  жаштарды өстүрөм деген негизги максатына, миссиясына дал келип, өзүңөр дайыма эмгектенип эмгекчил жаштар болуп чыгарыңарга толугу менен ишенебиз”, – деген проректор студенттерди окуу жайдын берген мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк пайдаланууга үндөдү.

Декан жардамчысы, доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева факультети тууралуу маалымат берип, алып барган иштери, ишке ашырган долбоорлору, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктерин кеңири баяндаган презентация жасады. “Бизнес секторго кадрларды даярдап жатабыз, алардын күтүүлөрүн, каалоолорун жакшы билишибиз керек. Ага ылайык, биз уюштурган иш-чараларга  конок лекторлорду чакырып, алар менен дайыма кызматташтыктын үстүндөбүз”, – деген доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева факультеттин бизнес сектор менен тыгыз байланышта иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Саамалыкка чакырылган туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү; Нуркыз Бектурова, Нуриза  Тойчубек кызы, Узакбек Бакиров жана Кайрат Тураталиев учурда алектенип жаткан иштери тууралуу студенттерге айтып берип, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолгон иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DB6hmMgtZ7n/?igsh=OXh0aGxxaDJhaXFy

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DB05CJctxQ4/?igsh=Z3A0bnB0M2xyb2Fu

    Социалдык медиада бөлүшүү