Урматтуу президент Эрсин Татар,
окуу жайдын кымбаттуу кызматкерлери,
сүйүктүү студенттер,
жалпы айымдар жана мырзалар...
сиздерге чын жүрөгүмдөн салам айтам.
Урматтуу боордошум, Кыргызстандын президенти Жапаровдун чакыруусу менен сиздерге, ата-бабаларыбыздын мекени болгон Кыргызстанга келип отурганыма абдан кубанычтамын.
Жамааттык ачылыш аземибиз университет үчүн жакшылыктарга себеп болушун тилеп, бардык студенттерге жана окутуучуларга ийгиликтерди каалайм!
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук тамыры терең чоң чынар бак сыяктуу жыл сайын өсүп, бекемделип, ар түрдүү тармактарда бутактанып жатат.
Биз ата-бабаларыбыздан калган бул бир туугандык жана кызматташтык рухун келечекке жеткирүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап жатабыз.
Биздин кызматташтыктын үзгүлтүксүздүгүнүн эң маанилүү өбөлгөсү - албетте, билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы долбоорлорубуз.
Түркия катары биз да кыргыз жаштарынын жаркын келечек куруусуна колдоо көрсөтүү үчүн билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча аракеттерибизди улантып жатабыз.
Ага ылайык, биз Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле 1992-жылы кол койгон билим берүү келишиминин алкагында биргелешкен орто мектептерибиз; Түрк-Кыргыз Анадолу орто мектебин жана Анадолу кыздар кесиптик лицейин ачтык.
Ал эми 1995-жылы “Манас” университетинин пайдубалын түптөдүк.
2022-жылы Түркиянын “Маариф” фондунун мектебинин ачылышы менен Кыргызстандагы билим берүүгө болгон колдообузду дагы бир жолу ырастадык.
Бул этапта биздин биргелешкен орто мектептерибизде 400, Бишкектеги түрк мектебинде 1200, Түрк тилин үйрөтүү борборунун курстарында 3100 окуучу билим алууда.
Түркиянын “Маариф” фондунун мектеби жакында ачылганына карабастан окуучулардын саны 1500гө жетти.
“Манас” университетинде болсо 7000ге жакын студент жогорку билим алууда.
Башкача айтканда, биз ар кандай деңгээлде жалпы 13 миңден ашуун студентке түздөн-түз билим берүү жагынан колдоо көрсөтүүдөбүз.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө миңдеген кыргызстандык студентке “Түркия стипендиялары” аркылуу Түркияда окууга мүмкүнчүлүк бердик.
Бардык мындай аракеттерибиз менен биз кыргыз боордошторубуздун гуманитардык, академиялык жана маданий капиталын чыңдоого чоң салым коштук.
Адамзатка жасаган инвестициялардын эч качан текке кетпегенин жана текке кетпей турганын баарыбыз жакшы билебиз.
Караңызчы, бул чындык “Манас” эпосунда кандайча түшүндүрүлгөн:
“БАЛА – БАЙЛЫК, МУРАС.
БАЛА – ЖАНГА КУБАТ.
МЫНДАН БАШКАСЫ КӨР ДҮЙНӨ,
ТЕККЕ КЕТКЕН ЭМГЕК.”
Ооба, эң чоң мурас - адам баласына, инсанга, жашка жана балага инвестиция салуу.
Эң башкысы, келечектеги илимпоздорду, академиктерди, инженерлерди, бюрократтарды, саясатчыларды, маданият жана искусство инсандарын өстүрүү.
Эң башкысы – түрк адабиятынын сыймыктарынын бири ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ сыяктуу залкар ысымдарды өстүрүү.
Бул жаатта “Манас” университети баш болгон бардык билим берүү мекемелерибиз ой жүгүрткөн, изденген, илимий өнүгүүлөрдү ээрчиген, миссиясы жана концепциясы бар, келечегибизди бейпилдик менен аманат кыла турган жаштарды тарбиялоого чоң салым кошот.
Муну да баарыбыз абдан жакшы билебиз:
Университет тарабынан колдоого алынбаган экономикалык саясат, индустриялаштыруу программасы, тышкы саясат жана маданият саясаты толук эмес бойдон калат.
Бул жагынан “Манас” университети Кыргызстандын алдыга жылуусуна жол көрсөтөрүнө ишенем.
Урматтуу окутуучулар,
кымбаттуу студенттер,
Биз “Манас” университетибизди ата-бабаларыбыздын тарыхый жетишкендиктеринен шыктануу менен маданиятыбыздын жанданышына салым кошуу максатында түптөдүк.
Биздин университет 29 жылдан бери достук жана боордоштук мамилелердин эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп келет.
1997-жылы студенттерди кабыл ала баштагандан бери университетти 13 200 студент аяктады.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 өлкөсүндө “Манас” университетин бүтүргөн боордошторубуз бар.
11 факультет, 1 жогорку мектеп, 1 кесиптик мектеп жана ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунан турган окуу жайыбыз өзүнүн негизги миссиясын татыктуу аткарып жатат.
“Манас” университети эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң алдыңкы 1000 жогорку окуу жайдын катарына киргенин угуп, абдан кубандым.
Бул жетишкендик Кыргызстан менен Түркиянын гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болуп саналат.
Бул жетишкендикке өз эмгегин жумшап, салым кошкон бардык окутуучуларды, студенттерди чын жүрөктөн куттуктайм.
Сиздерди ар дайым ийгилик коштосун!
Бул жерде мен төмөнкүлөрдү так айткым келип турат:
Бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтердин эселеп көбөйүшү үчүн бир дагы курмандыктан качкан жокпуз.
Премьер-министр кызматын аркалап турган мөөнөттөн тарта университетке жакындан көңүл буруп келебиз.
2013-жылдын 10-апрелинде университеттин комплексинде бүткөрүлгөн түзүмдөрдү жеке өзүм ачтым.
Бүгүн биз аларга 110 жаңы объект, имарат, кызмат, өнүм жана долбоорлорду дагы кошуу кубанычына күбө болуп отурабыз.
Алардын арасында 2 факультет, 1 институт жана 26 лабораторияны да камтыган бул кызмат, инвестиция жана имараттардын баары университет үчүн жакшылыктарга себеп болушун каалайм.
Бул объектилерди курууга салым кошкондордун бардыгын, жумушчусунан инженерине, компаниясынан университеттин жетекчилигине, кайрымдуулук кылган адамдан расмий уюм жана мекемелерге чейин баарыңыздарды куттуктайм!
Түркиянын президенти катары Кыргызстандагы гана эмес, түрк дүйнөсүндөгү эң белгилүү университеттердин бири болгон “Манас” университетинен алдыдагы мезгилде мындан да масштабдуу долбоорлорду, квалификациялуу илимий изилдөөлөрдү жана маанилүү жетишкендиктерди күтөм.
Университеттин студенттерине муну эскертип койгум келет:
Урматтуу жаштар... Тамыры менен байланышы алсыраган, алтургай үзүлө турган дарактар сыяктуу, өйдө-ылдыйда багытын жоготоорун унутпагыла.
Тарых, маданий баалуулук, үй-бүлө, ишеним жана идеалдар менен байланышыңарды эч качан үзбөгүлө!
Маркум Чыңгыз Айтматов: “Адам жашоосун тоодогу чыйыр жолго окшоштуруп, ынтымактуулар, бири-бирин колдогондор гана максатка жетет”, - деген.
Жеке өнүгүү, албетте, маанилүү.
Муну менен бирге адам өзүнүн үй-бүлөсүндө, жашаган коомдо, ошол коомдун баалуулуктары жана маданиятында бирге болсо маңызын табат. Өзүнүн инсандыгын курат.
Айрыкча, технология жана санариптик дүйнө биздин жашообузду курчап турган мезгилде үй-бүлөңөр жана өзүңөргө таандык болгон коом менен тыгыз байланышта болбосоңор, анда көп өтпөй эле жалгыздыкка, үмүтсүздүккө жана аргасыздыкка дуушар болосуңар.
Ошондуктан билим алуу жана иш дүйнөсүнүн ар бир этабында үй-бүлө, улут жана өлкө алдындагы милдеттериңерди эсиңерден чыгарбагыла!
Биз дээрлик 40 жылдан бери ар кандай террордук уюмдар менен күрөшүп келген өлкөбүз.
Акылыңарды алгысы келгендерге, инсандыгыңарды узурпациялоону каалагандарга, силерди идеологиясы менен кул кылгысы келгендерге эч кандай колдоо көрсөтпөгүлө.
Улуу адам катары мен силерге бере турчу кеңешим, кылып жаткан ар бир ишиңерде мыкты болууга умтулуп, мыкты нерселерге жетүү үчүн аракет кылып, күрөшүп, кыялдарыңарга умтулууну эч качан токтотпогула!
Аллахым силердин жолуңарды жана бактыңарды ачык кылсын!
Сиздер менен кайрадан жолугушканга чейин!
Баарыңыздарга жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайм! Аллахга аманат!
Бар болгула!