“Манас” университети жана Достук ооруканасынан Сокулуктагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар реабилитациялык борборуна үмүт жана мээримге толгон сапар


  • 2024-11-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университети социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында алып барган иштери менен коомго жардам берүүнү улантууда. Ага ылайык, Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы менен биргеликте 2024-жылдын 9-ноябрында Сокулуктагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар реабилитациялык борборуна атайын жолугушуу өткөрүлдү.

Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери Жевдет Түркйүрек менен КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD., профессор Незахат Жейландын катышуусунда уюштурулган жолугушууда мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга кышкы кийим-кечектер берилди.

Жолугушуу учурунда балдардын бактылуу болушу алар үчүн чоң белек экенин белгилеген PhD., профессор Незахат Жейлан: “Балдардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүү биз үчүн сөз менен жеткис бакыт”, - деп, мындай социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Окуу жайыбыз социалдык жоопкерчилик аң-сезими менен ишке ашырган долбоорлору менен кыргыз коомчулугуна билим берүү тармагында гана эмес, социалдык турмуштун ар бир багытына да салым кошууда. “Манас” университети мындай иш-чаралар аркылуу коомго колдоо көрсөтүү менен “Университеттен да артык…” деген миссиясын чечкиндүү улантууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCKNRMuNUgQ/

    Социалдык медиада бөлүшүү