“Дивану лугат-ит түрктүн” жазылышынын 950-жылдыгы жана Махмуд Кашгарини эскерүү иш-чараларынын алкагында 2024-жылдын 14-ноябрында “Манас” университетинин чамгарагында уюштурулуп жаткан “Дивану лугат-ит-түрк: 950-жыл” аттуу илимий жыйынга катышуу үчүн Бишкекке келген Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, PhD., професссор Муса Казым Арыжан ректор, PhD., професссор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
PhD., професссор Арыжан өз сөзүндө жаңы окуу жылы “Манас” университетинин жалпы жамааты үчүн ийгиликтүү өтүшүн каалады.
PhD., професссор Алпаслан Жейлан жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда боло турган илимий жыйындын мааниси тууралуу ой бөлүштү.
Жолугушуу өз ара жакшы каалоо тилектер жана белек тапшыруу менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları: