“Манас” университетинин студенттери бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттан медалдар менен кайтты


  • 2024-11-15

2024-жылдын 10-13-ноябрь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан бел боо күрөшү боюнча  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин студенттери эл аралык аренада чоң ийгиликке жетишти. 

Бул чоң мелдеште кыз-келиндер арасында спорт илимдери факультетинин 3-курсунун студенти Аземи Камчыбекова жана магистратура программасынын студенттери Бегай Бейшенаалы кызы менен Айжан Анарбекова мыкты көрсөткүчтөрү менен коло медаль жеңип алышты.

Бел боо күрөшү боюнча ийгиликти багындырган студенттер “Манас” университетин дүйнөлүк деңгээлде таанытышты. 

Окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын атынан студенттерди жана машыктыруучуларды чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DCbO9iVtCH7/?igsh=eG4wbWp5bTUxdzIw

    Социалдык медиада бөлүшүү