Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган куттуктоо программасы болуп өттү


  • 2024-11-16

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан 2024-жылдын 15-ноябрында Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган куттуктоо программасы уюштурулду. Социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чарада маданий баалуулуктардын жана искусствонун маанисине көңүл бурулду.

Иш-чарага КТМУнун ректорунун кеңешчиси, PhD., профессор Кемал Полат, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз баш болгон окутуучулар жана студенттер катышты.

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз искусствонун коомдогу ордуна жана сүрөтчүнүн өнөр адамынын маанисине токтолду. Өнөр адамынын пенсияга чыкпай турганына көңүл бурган декан: “Искусстводогу устат-шакирт мамилеси өмүр бою уланат. Тажрыйбалуу өнөр адамдары өздөрүнүн билимин, тажрыйбасын ар бири жандуу китепканадай өткөрүп беришет. Алардан үйрөнө турган көп нерсе бар. Устаттарыбызды эч качан жалгыз калтырбагыла жана алардын тажрыйбасынан пайда алууга ашыккыла”, - деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин көркөм өнөр факультетинин студенттери сахнадан орун алышты. Студенттер тарабынан тартууланган концерттик программа көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Иш-чара катышуучуларга белектер тапшырылгандан кийин жамааттык эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү