Евразия жазуучулар биримдигинин төрагасы Уфук Тузман 2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Тузман PhD., профессор Алпаслан Жейландын экинчи мөөнөткө кайрадан ректорлукка дайындалышына кубанычта болгонун билдирип, жаңы мөөнөтүндө ийгиликтерди каалады. Ректор Жейлан дагы Уфук Тузманды Евразия жазуучулар биримдигинин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, анын жаңы кызматында чоң жетишкендиктерге жетишүүсүн тиледи.
Ректорлук макамында өткөн жолугушууда эки мекеменин мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү талкууланып, биргеликте уюштурула турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуулар болду. Жолугушууда “Манас” университети менен Евразия жазуучулар биримдигинин кызматташуусу түрк дүйнөсүнүн маданий, академиялык байланыштарын чыңдоодо маанилүү көпүрө болоору белгиленди.
Жолугушуу эки мекеменин ортосундагы кызматташууну мындан ары дагы чыңдоо тилектерин айтуу жана белек тапшыруу менен аяктады.
Haberin Fotoğrafları: