Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейландын Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мугалимдерине куттуктоо сапары


  • 2024-11-23

24-ноябрь - Мугалимдер күнүнө карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги башталгыч түрк мектебине барып, мугалимдерди куттуктады.

Майрамдык иш-чарага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мүдүрү Яшар Уй, окутуучулар жана мугалимдер катышты.

Иш-чара Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадирдин ачылыш сөзү менен башталды. Ал коомго багыт берген бул ыйык кесипти аркалап жаткан бардык мугалимдерди мугалимдер күнү менен куттуктады.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө мугалимдик кесип билим берүү менен чектелбестен, ошондой эле келечекти калыптандыруучу жана коомду куруучу ыйык милдет экенин баса белгиледи.

Мугалимдердин чет өлкөдө, үй-бүлөлөрүнөн алыс бул маанилүү милдетти аткарып жатканын белгилеген ректор: “Бул кесипти аркалоо – абдан ыйык. Анткени биздин келечегибиз түрк дүйнөсүндө,” - деди. Ошондой эле түрк эли күчтүү болгон ар бир мезгилде бир гана түрк дүйнөсүнүн эмес, бардык адамзаттын тынчтыкка жана бактылуулукка жетээрин белгилеп, билим берүү системасы бул процесстин негизги пайдубал экенине көңүл бурду.

PhD., профессор Жейлан түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” деген сөзүн эске салып, “Биз күн сайын адам болуп кала турган жаштарды өстүргүбүз келет,” - деп, билим берүүнүн максатын жана маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мугалимдерди майрамы менен куттуктаган ректор аларга гүл тартуулады.

Куттуктоо программасынын аягында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир жана ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан класстарды кыдырып, окуучулар менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин мүдүрү Яшар Уй ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейландын бул маңыздуу сапарына кубанычта болгонун айтып, чексиз ыраазычылык билдирди.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/WYnDt79-wbE?si=IUrokS-_FfuWAbjj

    Социалдык медиада бөлүшүү