2024-жылдын 22-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил даярдоо бөлүмүнүн иш-чараларды уюштуруу комиссиясы тарабынан уюштурулган 24-ноябрь – Мугалимдер күнүнө карата куттуктоо программасы өткөрүлдү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн майрамдык иш-чара КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, PhD., профессор Режаи Доган жана профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда өтүп, шейит кеткен мугалимдерди эскерүү тасмасын көрсөтүү менен башталды.
Андан кийин отургандар бир мүнөттүк тыным менен ордуларынан туруп шейит болгон жана акка моюн сунган бардык мугалимдерди эскеришип, артынан эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылды.
Проректор жана чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, PhD., профессор Режаи Доган куттуктоо сөзүндө мындай деди: “Мугалимдердин баркын билген жана аларга берилгендигин көрсөтүүгө ушул күндү даярдаган чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунун студенттерине ыраазычылык билдирем. Ошондой эле студенттердин мыкты деңгээлде өсүп, алгач өздөрүнө, үй-бүлөлөрүнө, Кыргызстанга, Түркияга жана түрк дүйнөсүнө пайдалуу инсан болушу үчүн 24 саат талыкпай эмгектенип жаткан бардык мугалимдерди майрамы менен куттуктайм.”
Сөзүн мугалимдерди куттуктоо менен баштаган биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев дүйнөдө эң ыйык кесиптердин бири мугалимдик кесип экенине токтолуп, “Биздин дүйнөгө болгон көзүбүздү ачып, жарык чачып, жол көрсөткөн бул - мугалим. Канча деген кесиптер бар: дарыгер, юрист, экономист ж.б. Бирок алардын арасынан эң кадырлуусу, ошол эле учурда эң түйшүктүүсү жана жоопкерчиликтүүсү бул - мугалимдик кесип.”
“Кайсы гана мамлекет болбосун, өлкө, эл болбосун билим менен гана өнүгүп-өсөт, алдыга жылат. Билимсиз өнүгүү, жакшы жашоого жетүү эч качан мүмкүн эмес”, - деген биринчи проректор билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан программанын ачылышында мугалимдер коомго багыт берген, адамдардын тагдырына таасир тийгизген жана цивилизациянын келечегин аныктаган бийик, улуу милдеттин аткаруучулары экенин белгилеп, “Мугалимдик жөн гана кесип эмес, билим жана даанышмандыктын алып жүрүүчүсү, жаш муундарды келечекке даярдаган дем берүү булагы болуп саналат”, – деди.
“Бүгүн бул жерде улуу кесипти аркалап жаткан сиздердей кадырлуу мугалимдерибиздин баркын дагы бир жолу эстеп, эске салуу үчүн чогулдук”, – деп мугалимдиктин эң чоң баалуулук экенин айтты.
“Манас” университетинде билим берүү жана окутуу жөн гана маалымат берүү эмес, маданияттар аралык түшүнүктү жана адамзаттык баалуулуктарды бекемдөөчү көпүрө экенин баса белгилеген PhD., профессор Жейлан: “Биздин билим берүү концепциябыз түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий байлыктарынан шыктанып, адамдардын дүйнөлүк коомдо активдүү жана жоопкерчиликтүү болуп калыптануусун камсыз кылууга багытталган. Бул максаттарды ишке ашырууда силер эң маанилүү элчисиңер”, – деди.
Окуу жайдын билим берүү философиясы эки өлкөнүн достук жана бир туугандык байланышынын көрсөткүчү экенин айткан ректор, PhD., профессор Жейлан “Манас” университетинде билим берүү түрк тили жана кыргыз тилинде, ошондой эле башка тилдерде жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул көп маданияттуу мамиле мугалимдердин студенттер менен болгон байланышын бекемдеп, студенттерге түрк маданиятынан баштап башка маданияттарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.
Ректор “Манас” университети жөн гана билим берген мекеме эмес, ошол эле учурда баалуулуктарды жаратуучу коом болууну максат кыларын айтап, мугалимдердин багыты менен маданият жана салтка таянган, илимий көз карашка ээ болуп калыптанган студенттерди чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи.
Келечектин архитекторлору болгон мугалимдерге ыраазычылыгын билдирген ректор, PhD., профессор Жейлан: “Силер өстүргөн инсандар түрк дүйнөсүнүн эле эмес, бүткүл адамзаттын келечегине салым кошот” , – деп мугалимдердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Ректор сөзүн башкы мугалим Мустафа Кемал Ататүрк жана шейит болгон мугалимдерден тарта бардык мугалимдердин 24-ноябрь - Мугалимдер күнүн куттуктоо менен жыйынтыктады.
Сыйлык - сиздердики, сыймык – биздики!
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайыбыздын окутуучуларына жетишкендиктери жана салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.
Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен табигый илимдер факультетинин деканы, биология илимдеринин доктору, профессор Гүлбүбү Курманбекова, инженердик факультетинин химия инженердиги бөлүмүнүн доценти, химия илимдеринин Калипа Салиева сыйланса, ал эми “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Калыскан Матановага, академиялык адис Азат Акматбековага, колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн академиялык адиси Назгүл Аданбаевага ыйгарылды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен инженердик факультетинин декан жардамчысы, PhD., доцент Айчүрөк Мажитова, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн доценти, PhD., Жылдызай Өзбекова жана ага окутуучу, техника илимдеринин кандидаты Айдайкан Касымакунова, компьютер инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты Чинара Жумабаева, экология инженерлиги бөлүмүнүн доценти, PhD., Жаңыл Искакова, химия инженерлиги бөлүмүнүн академиялык адиси, химия илиминин кандидаты Нурзат Шайкиева сыйланышты. Мындан тышкары, табигый илимдер факультетинин декан жардамчысы, доцент, PhD., Элла Абылаева жана колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн доценти, PhD., Гүлшат Мухаметжанова, гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Назгүл Карыбекова сыйланышты.
Даярдоо курсунун студенттеринин аткаруусунда кыргыз жана түрк тилдеринде жаңырган обондуу ырлар, комузчулар тобу черткен күүлөр көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапты. Мындан тышкары, агай-эжелер үчүн атайын даярдалган видео көрүүчүлөргө эмоциялуу көз ирмемдерди тартуулады.
Салтанаттуу майрамдык программа окутуучуларга гүл белек кылуу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DC3wxEGtHWc/
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DCrmutxtvo8/?igsh=OXl6OXc1YmRsMmdz