Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги 2024-жылдын 26-ноябрында окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамын “Мугалимдер күнү” менен куттуктап, майрамдык программа уюштурду.
Социалдык курулуштар имаратында өткөрүлгөн бул маанилүү программа мугалимдик кесиптин ыйыктыгын жана коомдун келечегин калыптандырууда алардын теңдешсиз ролун дагы бир жолу көрсөттү.
Иш-чарага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир жана окутуучулар катышты.
Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев окутуучуларды майрамы менен куттуктап, мугалимдик кесиптин ыйыктыгына жана коомдогу теңдешсиз ордуна басым жасады. “Биз мугалимдердин баркын жана эмгегин жакшы билебиз. Баарыбыз мугалимдердин көрсөткөн багытында билим, илим жана тарбия алдык. Сиздер адамзатка багыт берген эң ыйык кесипти аркалап жатасыздар”, - деген биринчи проректор бардык окутуучулардын иштерине ийгилик каалады.
Ал эми ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан сөзүн түрк дүйнөсүнүн алдыңкы жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматовдун “Бардык сезимдерди түшүндүрүп, жеткире турган сөз жок. Кереги да жок”, - деген маңыздуу сөздөрү менен баштады. Муну менен мугалимдик кесиптин айтып бүткүс баалуулукка ээ экенин баса белгиледи. Мугалимдердин адам жашоосуна терең таасир калтырганына көңүл бурган ректор окутуучуларга ийгилик каалап, бул ыйык кесипти аркалаган бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
“Биримдик жана ынтымак сезими обондор менен бекемделди”
Иш-чара көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин дирижёру Рысбек Жумакуновдун жетекчилигинде катышуучуларга жагымдуу обондорго толгон музыкалык маанай тартууланып, кечени шаңга бөлөдү.
Концерт Азат Садыковдун “Таң сыры” жана “Сага курман”, Адинай Нуржадиеванын “Өмүр жөнүндө толгонуу”, Гүлзина Манапованын “Сагынуу” жана “Гүлгүн жаш” аттуу ырлары кыргыз музыкасынын бай маданиятын чагылдырды. Салымбек Сайбиловдун “Унутулгус элестер”, Айчүрөк Салиеванын “Эсиңдеби” жана Элмира Тажиеванын “Сагынуу” менен “Бакча дубалынан ашкам” чыгармалары да концерттик репертуардын шаңына шаң кошуп, көпчүлүктүн купулуна толуп, кол чабуусуна арзыды.
Кыргыз жана түрк ырларын айкалыштырган бул атайын концерт маданий көпүрө катары окутуучуларга “Мугалимдер күнүндө” жакшы элес калтырды.
Бул майрамдык кече мугалимдик кесиптин билим берүүдөгү, окутуудагы алмаштыргыс ролун дагы бир жолу көрсөтүп, окутуучулардын маанайын көтөрүү менен биримдик жана ынтымак сезимин бекемдеди.
Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилери тарабынан окутуучуларга гүлдөрдү тартуулоо менен аяктады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DC3sDifNh4_/?igsh=MTRlbWtjZnlvMHpwag==
Manas TV'nin Haberi: