Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында КТМУнун чамгарагында жогорку окуу жайлар арасында “Кыз-жигит Сармерден” оюну өткөрүлдү.
Көчмөн кыргыздардын арасына кеңири тараган кызыктуу оюн сармерденде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыздары менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мырзалары таймашышты.
Иш-чарага КТМУнун проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Сармерден” жана башка долбоорлордун режиссёру Сагын Ниязалиева, дастанчы Өмүрзак Кайыпов, манасчы Рысбай Исаков, окутуучулар, студенттер жана бир катар коноктор катышты.
Таймашта эки университтеттин таланттуу студенттери өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты.
“Сармерден” оюнунда достук жеңди
Эки саатка созулган таланттардын таймашында калыстар тобу эки тараптын оюнга даярдыгын жогору баалап, жыйынтыгында тең чыгышканын жарыялады. Иш-чаранын соңунда эки университеттин жетекчилиги бири бирине ыраазычылык кат жана белек ыйгарышты.
Бул маңыздуу иш-чара маданий байланышты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды. Кыргызстандын салттуу баалуулуктарын эске салган “Сармерден” оюну көрүүчүлөргө кызыктуу жана унутулгус маданий тажрыйба тартуулады. Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий алаканы сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү максатында мындай маңыздуу иш-чараларды өткөрүү менен академиялык, маданий тармактарда маанилүү роль ойнойт.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DC_QZO_tV_r/
Instagram:
https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/reel/DC6f9gvNZJ0/