3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборуна барды.
Аталган борбордо уюштурулган иш-чарага көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучулары Таалайкүл Ташмамбетова, Эльвира Караева, административдик адис Айбек Сабирмамат уулу жана студенттер катышып, балдарга жылуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында балдар үчүн театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери “Дарыгер айым” жана “Көк трактор” аттуу оюндарды сахналаштырышса, ал эми музыка бөлүмүнүн студенттеринин аткаруусунда балдар ырлары жаңырды. Мындан тышкары, түрдүү кызыктуу оюндар ойнотулуп, балдарга эстен кеткис күн тартуулашты.
ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборунун директору Акылбек Асанов мекеме тууралуу кыскача маалымат берип, бул иш-чара балдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулаганын белгилеп, “Манас” университетине жана салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын соңунда борбордун директору Акылбек Асанов көркөм өнөр факультетинин ага окутуучулары Таалайкүл Ташмамбетова менен Эльвира Караевага ыраазычылык кат тапшырды.
Балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулаган иш-чара жагымдуу нотада соңуна чыкты.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган бул өзгөчө жолугушуу жүздөргө жылмаюу тартууласа, бөбөктөрдүн кубанычы жана шаңы иш-чараны дагы да маңыздуу кылды. Бул иш-чара жөн гана көңүл ачуучу эмес, социалдык жоопкерчиликти аңдоону күчөткөн тажрыйба тартуулады. Борбордогу балдар сүйүү жана мээримге толгон бул күнү унутулгус көз ирмемдерди баштан кечирип, тилектештиктин күчтүү үлгүсү көрсөтүлдү.
Haberin Fotoğrafları: