“Манас” университетинде түрк элдик ырларын жолуктурган иш-чара


  • 2024-12-06

2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институту менен Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чара искусство сүйүүчүлөрү менен жолугушту.

Иш-чарада Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын таланттуу жаштары улуттук аспаптарда кол ойнотуп, элдик ырларды чоң чеберчилик менен аткарышты. КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин коштоосунда өткөн концерт келген коноктордун купулуна толуп, эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулады.

Музыка сүйүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолгон маданий иш-чара боордош элдердин биримдигин бекемдеп, түрк дүйнөсүнүн күчтүү жана бай мурасын чагылдырды.  

Бул маңыздуу иш-чара маданий достуктун жана тилектештиктин маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDHHJM-tNrY/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DDHPNwnNX_N/

 

    Социалдык медиада бөлүшүү