КТМУда сапаттык кепилдик боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда


  • 2024-12-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университети ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында уюштурулган 2024-жылдагы ички аудиттин алдындагы маалымат жыйынын 5-декабрь күнү ректорлуктун жыйындар залында өткөрдү.

Жыйынга КТМУнун проректорлору PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Кадир Ардыч, университеттин сапатты башкаруу боюнча элчилери жана тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Кадир Ардыч ички аудит процессинин маанисине көңүл бурду. Ички аудиттин негизги максаты – Сапатты башкаруу системасынын натыйжалуулугун жана ылайыктуулугун баалоо, ошондой эле жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо экенин айтты.

Жыйында ички аудит процесси бардык тиешелүү бөлүмдөрдү камтый тургандай пландалганы айтылып, катышуучуларга текшерүү планы тууралуу маалымат берилди. Аларга белгиленген күн жана сааттарга ылайык иш алып баруу керектиги эскертилди. Мындан тышкары, текшерүүдө колдонулуучу суроо топтомдору жаңыртылганы жана бул аркылуу текшерүү процессин натыйжалуураак өткөрүү максатын көздөгөнү белгиленди.

PhD., профессор Кадир Ардыч өз сөзүндө ички аудит процессин натыйжалуу башкаруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Жооптуу кызматкерлердин берилгендик менен иштөөсү менен бул процесс ийгиликтүү жыйынтыкталарына ишенимибиз чоң”, – деп жыйынтыктады.

Жыйын PhD., профессор Кадир Ардычтын катышуучулардын пикирлерин угуп, алардын суроолоруна жооп берүүсү менен аяктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү жана институттук изилдөөлөрдө мыкты болуу максатына ылайык, ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасын ишке ашырууда. Университет бул системаны жөн гана зарылдык катары эмес, туруктуу өнүгүүнүн жана студенттер менен кызматкерлердин негизги пайдубалы катары карайт.

 

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDWD7gZNkra/

    Социалдык медиада бөлүшүү