“Манас” университетинен агрономдор жана дыйкандарга инновациялык чечимдер


  • 2024-12-09

Бүгүнкү күндүн агрардык тармагындагы көйгөйлөрдү чече ала турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган КТМУнун айыл чарба факультети тарабынан “Заманбап мөмө-жемиш өстүрүүчүлүк” деген темада семинар өткөрүлдү.

2024-жылдын 6-декабрында уюштурулган аталган семинарды факультеттин деканы, PhD., профессор Ахмет Айгүн өтүп, өлкөнүн Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынан келген айыл чарба жаатындагы адистерге жана дыйкандарга мөмө-жемиш өстүрүүнүн заманбап ыкмалары боюнча деталдуу маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар заманбап багбанчылык жана анын артыкчылыктары, интенсивдүү мөмө-жемиш бактарын өстүрүү, аларга кам көрүү жана салыштырмалуу көбүрөөк түшүм алуу боюнча маалыматтарга ээ болушту.

PhD., профессор Айгүн заманбап мөмө-жемиш өстүрүүчүлүктүн негизги максаты – кичинекей аянттан көп жана сапаттуу түшүм алуу экенин айтып, сөзүн мындай деп улантты: “Эң жакшы шарттарда интенсивдүү багбанчылык кылуунун натыйжасында жогорку сапатка ээ мол түшүм алса болот. Мөмө-жемиш өстүрүүнүн заманбап ыкмалары менен түшүм жыйноо жеңил жана ошол эле учурда убакыттан да, каражаттан да үнөмдөсө болот.”

Туруктуу айыл чарбасына олуттуу салым

Иш-чарада бактарды тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектигине токтолгон декан  катышуучуларга багбанчылыкты өркүндөтүү боюнча практикалык кеңештерди берди.

Семинар катышуучуларга мөмө-жемиш өстүрүүчүлүк боюнча билимдерин тереңдетип, заманбап ыкмалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү жана изилдөө жаатындагы жетишкендиктери менен гана эмес, коомдук өнүгүүгө кошкон конкреттүү салымдары менен да алдыда. КТМУ тарабынан уюштурулуп жаткан мындай иш-чаралар Кыргызстандын айыл чарба тармагын модернизациялоого көмөктөшүп, фермерлерге жана айыл чарба тармагынын адистерине өндүрүштү өнүктүрүүнүн натыйжалуу, туруктуу ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDWgF6xts6k/

    Социалдык медиада бөлүшүү