“Манас” университетинде түрк дүйнөсүнүн боордоштугу чыңдалууда: “Гейдар Алиев жана Азербайжандын жеңиши” программасы


  • 2024-12-12

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында 2024-жылдын 11-декабрында Азербайжандын экс-президенти жана улуттук лидери Гейдар Алиевди дүйнөдөн кайткандыгынын 21 жылдыгында эскерүү максатында маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган “Гейдар Алиев жана Азербайжандын жеңиши” аттуу программа Алиев калтырган терең мурасты жана Азербайжандын көз карандысыздык үчүн күрөшүндөгү тарыхый жеңишин дагы бир жолу эске салды.

КТМУнун социалдык курулуштар имаратында өткөн эскерүү программасына Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор PhD., профессор Режаи Догaн жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев, Азербайжан Республикасынын жаштар фондунун мүчөлөрү, окуу жайыбыздын окумуштуулар жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен басма сөз кызматкерлери катышты.

Иш-чара Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиев жөнүндө даярдалган тасманы көрсөтүү менен башталып, андан соң ачылыш сөздөр менен уланды.

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун ректору, PhD., профессор Жейлан 2003-жылдын 12-декабрында дүйнөдөн кайткан Гейдар Алиевди урматтоо менен эскерип, анын өзүнүн өлкөсүнө арнаган 80 жылдык өмүрү менен азербайжан элинин жүрөгүндө орун алган лидер жана мамлекеттик ишмер экенин баса белгиледи.

PhD., профессор Жейлан Гейдар Алиевдин мезгилинде Азербайжан менен Түркиянын мамилеси өнүккөнүн белгилеп, “Алиев ар бир мүмкүнчүлүктө Түркия менен орток кызыкчылыктар жана аймактык тынчтыкты камсыздоо максатында биригүү керектигин айткан жана реалдуу максаттарды көздөгөн саясий багыттарды колдогон”, – деди.

PhD., профессор Жейлан Гейдар Алиевдин 2001-жылы Түркияга жасаган расмий сапарында Түркиянын Улуу улуттук жыйында сүйлөгөн сөзүнө токтолуп, “Мустафа Кемал Ататүрк түзгөн Түркия бир гана Түркия Республикасы үчүн эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн, Азербайжан үчүн түзүлгөн”, – деп, Түркиянын Азербайжанда гана эмес, түрк дүйнөсүндөгү маанисине өзгөчө басым жасаган”, – деп белгиледи.

PhD., профессор Жейлан Алиевдин “Бир улут, эки мамлекет” түшүнүгү менен Түркия менен Азербайжандын мамилелерин чыңдап, достук, боордоштук жана кызматташтык мамилелерин улантуу менен өнүктүргөнүн билдирди.

Бир улут, эки мамлекет түшүнүгү Манас” университетинде жаңырды

PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө 2-Карабах согушу учурунда Түркия Республикасынын бардык уюмдары менен бирге боордош Азербайжанга көрсөткөн колдоосун баса белгилеп, “Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын Армениянын Азербайжандын аймактарына жасаган чабуулдары менен айыптаган билдирүүлөрү,  Түркия  бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Азербайжандын жанында экендигин билдирүүсү бизди да сыймыктандырды”, – деди.

PhD., профессор Алпаслан Жейлан сөзүнүн соңунда Гейдар Алиевди, Карабахтын шейиттерин жана ардагерлерин урматтоо менен эскерди.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө Гейдар Алиевдин  лидерлиги жана жогорку саясий сапаттары аркылуу Азербайжан менен бүтүндөй түрк элдеринин тарыхында өчпөс из калтырганын баса белгиледи. Элчи Жошыбаев: “Алиевдин  калктар ортосундагы достук жана бир туугандык байланышты бекемдөө боюнча салымы баа жеткис,” – деп билдирди. Ошондой эле Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы көп жылдан бери уланып келе жаткан тыгыз жана бир туугандык мамилелерге кубанычта экенин кошумчалады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү (ТКТР) Тахир Осман Тахир эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып, Гейдар Алиевди түрк дүйнөсүнүн жана Азербайжандын тарыхына өчпөс из калтырган лидер экенин айтып, “Гейдар Алиев социалдык, маданий жана саясий чөйрөлөрдө калтырган туруктуу мурасы менен ар дайым эсте калат. Жаткан жери жайлуу болсун!” – деди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев да Гейдар Алиевдин Азербайжанга кошкон салымын белгилеп, өз сөзүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык мыкты өңүттө уланып жатканын айтты.

Азербайжан Республикасынын жаштар фондунун мүчөсү Сейфур Хажимурадов өз сөзүндө Гейдар Алиевдин салымы фонд үчүн баа жеткис экенин белгиледи. Хажимурадов: “Фонддун колдоосу менен Азербайжандын жаштары түрк дүйнөсүндө таанымал болуп, эл аралык деңгээлде өкүлчүлүк кылып жатышат,” – деп Гейдар Алиевге болгон ыраазычылыгын билдирди.

Программанын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөгөн Азербайжандын элчиси Латиф Гандилов иш-чараны уюштурган КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Элчи Гандилов өз сөзүндө мурдатан бери жетишкен ийгиликтердин артында улуу лидерлер турганын жана алардын орду чоң экенин белгилеп, “Мустафа Кемал Ататүрк Түркияны бүгүнкү күчтүү абалга жеткирген сыяктуу, Гейдар Алиев да Азербайжанды кайрадан көтөргөн лидер болгон,” – деди. Алиевдин Советтер Союзу учурундагы улуттук иденттүүлүгү жана көз карандысыздык идеялары үчүн системадан четтетилгенин, бирок күрөшүүгө болгон эркин эч качан жоготпогонун айтты. “Ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарга карабай, Азербайжанга кайтып келип, элине кызмат кылган Алиев, Нахчыванда желекти желбиретип, элине дем берип, лидерлик сапатын көрсөткөн улуу үлгү болгон. Карабах сыяктуу кыйын кезеңде анын чечкиндүүлүгү Азербайжандын эркиндигине болгон күрөштү күчтөндүрдү. Бүгүн Нахчыван менен Азербайжандын улуттук биримдикте жашап жаткандыгы  анын миссиясынын жыйынтыгы. Калк ар дайым Алиевге ишенип, шайлоодо ага колдоо көрсөткөн. Мындай колдоо лидердин калк менен болгон бекем байланышынын көрсөткүчү болуп эсептелет,” – деп белгиледи.

Элчи Алиевдин өзүнө болгон ишеними жана калк арасындагы бекем байланышы чоң жетишкендиктерге жеткиргенин баса белгилеп, “Бүгүн Азербайжандын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн жасалган ар бир кадамдан анын эмгегин жана миссиясын көрүүгө болот,” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чаранын соңунда Азербайжандын Карабах жеңиши жана Гейдар Алиевдин лидерлиги тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. “Манас” телеканалы Азербайжандын элчилиги тарабынан уюштурулган “Гейдар Алиевдин бюстунун ачылыш аземи” боюнча атайын репортаж берди. Бул өзгөчө эскерүү программасында  Алиевдин лидерлиги жана Азербайжандын тарыхындагы орду канчалык жогорку экендиги көрсөтүлдү.

КТМУда ушундай маанилүү иш-чаралардын уюштурулуусу түрк дүйнөсүнүн биримдик жана бир туугандык сезимдерин жандандырып, Г. Алиевдин түбөлүктүү мурасына болгон берилгендигин дагы бир жолу тастыктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети – түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактоону, келечек муундарга өткөрүп берүүнү жана маданий биримдикти бекемдөөнү максат кылган билим берүү борбору. Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды бириктирип, бир туугандык байланышты чыңдап келе жаткан КТМУ, ушундай иш-чаралар аркылуу улуттук жана руханий баалуулуктарды сактоого чоң салым кошууда. Түрк дүйнөсүнүн ынтымагын жана биримдигин дагы да бекемдеп, келечекке муунга өткөрүүнү максат кылган окуу жай бул багытта маанилүү роль аткарып келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDgvXqVtGg_/

    Социалдык медиада бөлүшүү