PhD., профессор Жейлан ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Бодур менен жолугушту


  • 2024-12-12

2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Түрк Кызматташтык жана Координациялык Агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдаган жана билим берүү тармагында көпүрө катары кызмат кылып келген “Манас” университети менен ТИКАнын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүчү долбоорлордун маанисине басым жасалды.

“Манас” университети ТИКАнын колдоосу менен билим берүүдө өзгөчөлүк жаратууда

“Манас” университетиндеги ТИКА колдоосу аркылуу курулган күнөскана, эмерек жана ширетүү цехтери сыяктуу долбоорлордун студенттерге берген пайдасына баа берилди. Бул долбоорлор студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, аймактагы билим берүү стандарттарын жогорулатууга салым кошору айтылды.

Ректор, PhD., профессор Жейлан ТИКАнын колдоосу менен ишке ашырылган бул иш-аракеттер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдегенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Ал эми ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур уюмдун атынан билим берүүгө көрсөткөн колдоосу алар үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташууда кубанычта экенин билдирди.

Жолугушуу эки мекеменин учурдагы кызматташтыгын баалоо жана келечекте ишке ашырылышы пландалган долбоорлор боюнча пикир алмашуу менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDgwf-GtV2h/

    Социалдык медиада бөлүшүү