2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын мыкты деп табылган 90 студентине президенттик стипендия ыйгарды.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен эки студент 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчө айырмалангандыгы үчүн бул сыйлыкка татыктуу деп табылды.
Президенттик стипендианттар; гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты программасынын 4-курсунун студенти Нуриса Бейшекеева менен коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Маматова президенттин колунан мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди ректорлуктун макамында тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө PhD., профессор Жейлан жана саясий и.к., доцент Ибраев окуу жайдын жогорку жетишкендиктери менен сыймыктанган студенттерин куттуктап, келечекте академиялык жана кесиптик жолунда ийгиликтерди каалап, аларга белектерди ыйгарышты.
Биздин студенттерди ушул маанилүү жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы окууларында ийгиликтерди каалайбыз!
Haberin Fotoğrafları: