“Манас” университетин жетекчилиги Түрк-Кыргыз ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги менен жолугушту


  • 2024-12-20

2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, PhD., профессор Режаи Доган Түрк-Кыргызстан ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдигинин (TÜKİD) башкаруу кеңешинин төрагасы Уфук Инже менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки мекеменин ортосунда ишке ашырууга мүмкүн болгон кызматташуу багыттары кеңири талкууланды. Айрыкча, студенттердин практикалык мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, алардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү механизмдерин өнүктүрүү жана маданий байланышты арттыруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар орун алды.

Ректор, PhD., профессор Жейлан: “КТМУ катары жаштардын билим алуу процессинде эл аралык стандарттарга ылайык мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн колдоо негизги максаттарыбыздын бири болуп саналат”, – деди.

Түрк-Кыргызстан ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдигинин (TÜKİD) башкаруу кеңешинин төрагасы Уфук Инже кызматташууга болгон канааттануусун билдирип, “Түрк-Кыргызстан ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги катары эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү улантабыз. Жаштардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү жана алардын кесиптик жактан квалификациялуу адиске айлануусуна салым кошуу – биздин эң чоң жоопкерчилигибиз”, – деди.

Жолугушууда студенттердин кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө салым кошо турган иштердин багыты аныкталып, эки мекеменин ортосундагы кызматташтыкты конкреттүү кадамдар менен бекемдөө боюнча макулдашуу жүргүзүлдү. Жолугушуу жакшы тилектер менен жыйынтыкталды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DD1qIdntYd0/

    Социалдык медиада бөлүшүү