Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Түркиянын “Диянет” фонду келди


  • 2024-12-20

Түркиянын “Диянет” фондунун камкорчулар кеңешинин 2-төрагасы, доцент Фатих Курт, башкы директору Изани Туран жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин диний кызматтар боюнча кеңешчиси Салих Сезик 2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки мекеменин ортосунда билим берүү жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максаттары талкууланып, айрыкча билим берүү тармагында жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча өз ара пикир алмашуу орун алды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан бул жолугушууга абдан кубанычта экенин айтып, окуу жайдын аймактагы билим берүү миссиясы жана жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу Түркиянын “Диянет” фонду менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы мамилелерди чыңдоо боюнча жакшы тилектердин айтылуусу менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDzR-MqtL1H

    Социалдык медиада бөлүшүү