Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Таза спорт - таза жеңиш” темасын камтыган даректүү тасмалар сынагында өзгөчөлүк жаратты


  • 2024-12-24

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында түзүлгөн “Улуттук антидопинг борбору” допингке каршы күрөшүү дирекциясы тарабынан уюштурулган “Таза спорт - таза жеңиш” темасын камтыган даректүү тасмалардын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

КТМУнун студенттери арасында жарыяланган кыска метраждуу документалдык тасмаларды баалоо жыйыны 2024-жылдын 18-декабрында коммуникация факультетинин кинозалында өткөрүлдү. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, “Улуттук доппинге каршы борбор” дирекциясынын директору Нургүл Кермакунова, коомдук ишмер, оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону, “Таза спорт-таза жеңиш” даректүү тасмалар сынагынын комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, комиссия мүчөлөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

Аземдин ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун коммуникация факультетинин деканы доцент, Угур Үнал студенттер тарткан тасмалар коомдо маалымдуулукту арттырарына көңүл буруп, режиссерлорду куттуктап, ийгилик каалады.

Куттуктоо сөзү үчүн сахнадан орун алган  КТМУнун проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков спортко багытталган иш-чаранын өзгөчөлүгүн баса белгилеп, буларга токтолду: “Сынакты уюштуруп, демилгени көтөргөн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. Баса белгилеп кетчү нерсе, сынак “Манас” университетинин студенттери үчүн гана уюштурулуп жатат. Бул университет менен министрликтин ортосундагы кызматташтыктын жакшы белгиси, ошондой эле окуу жайдын студенттерине болгон чоң жоопкерчилик.”

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов: “Комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте допингге каршы спортту чагылдырган, азыркы замандын талабына жараша сюжетти камтыган тасмаларды карап жеңүүчүлөрдү аныктайбыз. Бул тасмалардын күчтүүлөрү жеңсин.  Баарыныздарга ийгилик каалайм”, - деди.

Коомдук ишмер, оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз Каныбек Осмоналиев өз сөзүндө ар бир адамдын ою таза болсо, кылган иштери да таза болорун айтып, мындай деп улантты: “Бизде кандай гана адамдар,  акылмандар болгон, бүт баарынын ойлогону, кылган кызматы таза болгон үчүн бүгүн биздин мамлекеттүүлүгүбүз, тилибиз, маданиятыбыз жана өлбөс-өчпөс тарыхыбыз бар. Ошондой эле спортто да өзүнө ишенгендер, таза, түз жүргөндөр допингди колдонбойт. Ар бир студент, ар бир дене тарбиячы, ар бир жаран биздин келечегибиз таза болсун десе, спорттун тазалыгына чоң көңүл бурушу керек.”

Сынакка катышкан даректүү тасмалар көрсөтүлүп, калыстар тобу тарабынан бааланды. Калыстар тобу тасмалардын креативдүүлүгүнө баа берип, жалпы катышуучуларга ыраазычылык баракчалары ыйгарылды. Ал эми байгелүү орундарды ээлеген тасмаларды тарткан студенттер ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Манас” университетинин атынан жаш режиссерлорду куттуктап, чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DD9rPcptZ8m/?hl=en

 

    Социалдык медиада бөлүшүү