TURK-COSE 2024 илим дүйнөсүн Азербайжанда жолуктурду


  • 2024-12-25

Алдыңкы илимий иш-чаралардын бири болгон Эл аралык түрк дүйнөсүнүн илим жана инженердик конгресси (TURK-COSE 2024) 19-21-декабрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөрүлдү.

Конгресс Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Нигде Өмер Халисдемир университети, Ахмет Ясеви университетинин биргелешкен уюштуруусунда Азербайжан техникалык университетинин чамгарагында болуп өттү.

Конгрессте КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, Азербайжан техникалык университетинин ректору, PhD., профессор Вилаят Валиев, Нигде Өмер Халисдемир университетинин ректору, PhD., профессор Хасан Услу, Ахмет Ясеви университетинин ректору, док., Жанар Темирбекова жана Түркия-Азербайжан университетинин проректору, PhD., профессор Мехмет Шимшир ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан TURK-COSE 2024түн ачылыш сөзүн сүйлөп, конгресстин түрк дүйнөсүнө жана илим дүйнөсүнө кошкон маанилүү салымына көңүл бурду. Ректор мындай эл аралык иш-чаралар түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн ортосунда илимий кызматташтыкты күчөтүп, тажрыйбаларды бөлүшүү жагынан чоң мүмкүнчүлүк жарата турганын баса белгиледи. Мындан тышкары, конгресс  академиялык гана мааниде эмес, ошондой эле маданий өз ара аракеттенүүлөр жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча да өтө маанилүү роль ойноорун кошумчалады.

2024-жылдын 19-21-декабрь күндөрү өткөн конгресске түрк дүйнөсү башта болгон Азия, Африка жана Европадан 40 түрдүү өлкөнүн илимпоздору катышты. Офлайн жана онлайн түрүндө уюштурулган иш-чарада катышуучулар кыргыз, түрк, казак, азербайжан, англис жана орус тилдеринде баяндамалар жасашты.

Аталган конгрессте “Жасалма интеллект”, “Объекттердин интернети”, “Кайра жаралуучу энергия”, “Нанотехнология”, “Акылдуу шаарлар” жана “Азык-түлүк жана айыл чарба технологиялары” сыяктуу стратегиялык темалар каралып, табигый илимдер менен инженерия тармагындагы окутуучулар жана изилдөөчүлөр илимий баяндоолорун жасап, катышуучуларга маанилүү маалыматтарды беришти.

“Манас” университетинин окутуучусу, PhD., профессор Эржан Челиктин тең төрагалыгында өткөрүлгөн конгресс илимий маалыматтарды бөлүшүү жана өлкөлөр аралык академиялык кызматташтыкты күчөтүүдө чоң мааниге ээ болду. Иш-чара катышуучуларга жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо менен илимий дүйнөдө маанилүү платформа түздү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DEAn11ltzC_/

    Социалдык медиада бөлүшүү