Салтка айланган “Манас” университетинин китеп басылмаларын таанытуу жумалыгы башталды


  • 2024-12-25

2024-жылдын 24-30-декабрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлүп жаткан китеп басылмаларын таанытуу жумалыгына окутуучулар жана студенттер активдүү катышууда.

Экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде өткөрүлүп жаткан иш-чара окуу жайдын проректору, PhD., профессор Режаи Догандын салымы менен уюштурулду.

Үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан жумалыктын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан жазылып, редакциялык-басма бөлүмү тарабынан басылып чыккан китеп жана журналдар окурмандардын назарына сунулду. Адистик тармак боюнча жазылган түрдүү эмгектер иш-чарага келгендердин көңүлүн буруп, кенен маалымат булагын тартуулоодо.

Жумалык 30-декабрга чейин уланмакчы.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DEAjRAVtAWt/

    Социалдык медиада бөлүшүү