Чет тилдер жогорку мектебинин Башкаруу кеӊешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №33-отурумунда кабыл алынган №2024.033.148 номерлүү чечиминин негизинде Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн 2024-2025-окуу жылынын академиялык календарына ылайык 2025-жылдын 07-09-январь күндөрү өткөрүлө турган жазгы семестрдин тилден бошотуу сынактарына (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) катышууну каалаган талапкерлерге болгон талаптар, аталган сынактын өтө турган жери, сааты жана күндөрү жана ошондой эле баалоо критерийлери төмөндө көрсөтүлгөн.
СЫНАККА КАТТАЛУУ ТАЛАПТАРЫ:
Жазгы семестрдин Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР:
СЫНАККА АРЫЗ БЕРҮҮ ТАРТИБИ:
Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) катыша турган студенттерибиз 2025-жылдын 03-январь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 23:59га чейин https://admission.manas.edu.kg/ydyo/ дареги боюнча катталуу менен бирге каттоо баракчасында талап кылынган маалыматты толук жазуусу керек. Сынакка катталган студенттер, каттоонун аягында бериле турган сынак баракчасын сынак күнү өздүгүн тастыктоочу документ (студенттик билети же паспорту) менен кошо алып келүүсү керек. Студенттик билети (же паспорту) жана сынак баракчасы жок студенттер сынакка катыштырылбайт. Сынакка катталуу учурунда билдирилген жалган өздүк маалымат студенттин каттоо баракчасын жана сынак баракчасын жараксыз деп табууга негиз түзөт.
СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ЖЕРИ:
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы имаратында (Ч. Айтматов проспектиси, 56, Бишкек ш., Кыргызстан) жайгашкан Чет тилдер жогорку мектеби.
СЫНАКТЫН СААТЫ ЖАНА КҮНДӨРҮ:
№ |
ТИЛДЕР |
СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ |
ОКУП ТҮШҮНҮҮ |
УГУП ТҮШҮНҮҮ |
ДИЛБАЯН |
ООЗЕКИ СЫНАК |
1. |
Англис тили |
07/01/2025 |
10.00-11.00 |
11.00-11.50 |
13.00-14.00 |
14.30-17.30 |
2. |
Орус тили |
07/01/2025 |
10.00-11.00 |
11.00-11.50 |
13.00-14.00 |
14.30-17.30 |
3. |
Кытай тили |
07/01/2025 |
10.00-11.00 |
11.00-11.50 |
13.00-14.00 |
14.30-17.30 |
4. |
Кыргыз тили |
08/01/2025 |
10.00-11.00 |
11.00-11.50 |
13.00-14.00 |
14.30-17.30 |
5. |
Түрк тили |
09/01/2025 |
10.00-11.00 |
11.00-11.50 |
13.00-14.00 |
14.30-17.30 |
СЫНАКТЫ БААЛОО
Тилден бошотуу сынактары (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) төмөндө көрсөтүлгөндөй критерийлерге ылайык бааланат.
№ |
ТИЛДЕР |
ОКУП ТҮШҮНҮҮ |
УГУП ТҮШҮНҮҮ |
ДИЛБАЯН |
ООЗЕКИ СЫНАК |
1. |
Кыргыз тили |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
2. |
Түрк тили |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
3. |
Англис тили |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
4. |
Орус тили |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
5. |
Кытай тили |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
25 упай |
Окуп түшүнүү сынагы: Кеминде эки башка тексттен жана тиешелүү тексттер боюнча суроолордон турат.
Угуп түшүнүү сынагы: Кеминде эки башка аудио жазуусунан жана тиешелүү аудио жазуулар боюнча суроолордон турат.
Дилбаян: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан аныкталган үч түрдүү дилбаян темасынан каалаган бирөөнү тандап, C1 деңгээлине ылайык өз оюн чыгармачылык менен жазып берүүсү талап кылынат.
Оозеки сынак: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билеттердин арасынан чучу кулак кармоосу жана студенттин берилген темада көркөм баарлашуусу талап кылынат.
КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР: