“Манас” университетинде жаңы жылдык концерт


  • 2024-12-27

2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан “Кыштын сыйкырдуу аккорддору” аттуу жаңы жылдык концерт уюштурулду.

КТМУнун конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн иш-чарага биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев,  проректор, PhD., профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, окутуучулар жана студенттер катышты.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөп, уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, “Манас” үй-бүлөсүн жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараны өткөрүүгө салым кошкондорго КРнын Министрлер кабинети тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Сертификаттарды тапшыруу аземинен кийин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан даярдалган “Кыштын сыйкырдуу аккорддору” аттуу концерттик программа менен уланды. КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин дирижеру жана КР Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген оркестр аткаруулары менен көрүүчүлөргө эстен кеткис маанай тартуулады.

Концертте көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин аракети менен ишке ашкан аткаруу көптөгөн алкыштарга ээ болду.

“Манас” университетинин салтка айланган жаңы жылдык концерти катышуучуларга музыкага толгон атмосфера тартуулап, кыргыз жана түрк маданиятын жолуктурган обондор менен кечени шаңга бөлөдү.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DEHEQm8tils/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DEHsMu4NFuc/

    Социалдык медиада бөлүшүү