Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD., профессор Мээрим Имаш кызы менен математика бөлүмүнүн ага окутуучусу, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Калыскан Матанованы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.
Мындан тышкары, табигый илимдер факультетинин катчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Чынара Табалдиева жана биология бөлүмүнүн адиси, биология илимдеринин кандидаты Нуржамал Өмүрзаковага көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” ыйгарылды.
Сыйлыктарды тапшырган биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев окутуучуларды куттуктап, иштеринде ийгиликтерди каалады.
Haberin Fotoğrafları: