“Манас” университетинин ага окутуучусуна эл аралык деңгээлде жетишкендик сыйлыгы


  • 2024-12-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу, доцент Абдүлхаким Бахадыр Дарыга Эл аралык Евразия билим берүү биримдиги (UAESEB) тарабынан жетишкендик сыйлыгы ыйгарылды.

Түрк дүйнөсүнүн билим берүү жана илим тармагында кызматташтыкты бекемдөө максатында Косово, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Македония, Ирак, Румыния жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө иш алып барган профсоюз жана мамлекеттик эмес уюмдарды жолуктурган Эл аралык Евразия билим берүү биримдиги (UAESEB) 12 жылдан бери маанилүү иш-аракеттерге кол коюуда. Билим берүү жана коомдук илимдер тармагында ишке ашырган долбоорлор менен түрк дүйнөсүнүн академиялык кызматкерлеринин орток үнү болууну максат кылган UAESEB бул убакыттын ичинде кызматташтыкты жана тилектештикти арттырууга көптөгөн баалуу иш-чараларды өткөрдү.

2024-жылды Эл аралык Евразия билим берүү биримдиги (UAESEB) Зия Гөкалптын дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгын белгилөө менен өзгөчө маанилүү деп эсептеди. Бул алкакта илимий эмгектери менен түрк дүйнөсүнө кызмат кылган окутуучуларга Зия Гөкалп атындагы илимий сыйлык тапшырылды.

Түрк дүйнөсүнүн академиялык кызматташтыгына көрсөтүлгөн маанилүү колдоолору менен алдыда турган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин ага окутуучусу, доцент Абдүлхаким Бахадыр Дарыга UAESEBнин башкаруу кеңеши тарабынан эл аралык деңгээлде Зия Гөкалп атындагы сыйлык ыйгарылды.

“Манас” университетинин атынан бул кадырлуу сыйлыкка татыктуу деп табылган доцент А. Бахадыр Дарыны куттуктайбыз жана ага илимий иштерине ийгилик каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DEPSBGEtWZ9/?igsh=MW9mczA5YzUwN3AwNQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү