РЕКТОР, PhD., ПРОФЕССОР АЛПАСЛАН ЖЕЙЛАНДЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КАЙРЫЛУУСУ


  • 2024-12-31

Кымбаттуу “Манас” үй-бүлөсү,

2024-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университети үй-бүлөсү катары окуу жайыбыздын миссиясын жана концепциясын ишке ашыруу үчүн жигердүү иштеп, академиялык, маданий жана коомдук тармактарда ийгиликтерди багындырып, жогорку билим берүү чөйрөсүндө жаңычылдыктарды киргиздик. Аяктап бараткан 2024-жылдагы кызматыңыздарды берилгендик менен аркалаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

2025-жылга алдыңкы жогорку окуу жай болуунун ишенимдүүлүгү, жаңы ролдорго багыт алган мекеме болуунун энергиясы жана чоң ийгиликтерге бирге жетүүнүн толкундануусу менен кирип жатабыз.

КТМУ катары 30 жылдык тарыхы бар “Университеттен да артык... ураанына бекем турган “Манас” үй-бүлөсү Азирети Мевлананын:

Ар күнү бир белестен өргө тартып,

Ар дайым бийиктерге жол алып жүргөн жакшы.

Эч турбай бир орунда милдеттин жүгүн артып,

Шар аккан суу сыяктуу токтобой аккан жакшы”,

- деген саптарында айтылгандай, алдыга умтулган, кубатын эч качан жоготпой, агын суудай бара жаткан “Манас” университети боло алдык.

Бул жолдо 13 миңден ашуун бүтүрүүчүлөр, Кыргызстан жана түрк дүйнөсү баш болгон бүткүл адамзатка кызмат кылуу максатын көздөгөн жаркын студенттер, академиялык тармакта көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга бел байлаган академиялык кызматкерлер жана адамдарга кызмат кылуу эрки менен иштеп жаткан административдик кызматкерлер үмүтүбүздү, ишке болгон чечкиндүүлүгүбүздү арттырат.

Бул ишеним жана аракет менен 2025-жылында мындан дагы ийгиликтүү болууга, максатыбызга жетүү үчүн бардык күчүбүздү жумшап, ийгилик көрсөткүчүн эң жогорку деңгээлге чыгарабыз деп ишенем.

Мына ушундай ой-сезимдер менен 2025-жыл “Манас” үй-бүлөсүнө, Кыргызстанга, Түркияга, түрк-ислам дүйнөсүнө, бүткүл адамзатка ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык алып келишине тилектешмин. Жаңы жылыңыздар кут болсун!

 

PhD., профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү