2025-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев “Манас” университетинде болуп, ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Ага биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташтык жана орток долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Өз ара пикир алмашуу орун алган жолугушууда эки мекеменин потенциалдуу кызматташтыгы боюнча жасала турган конкреттүү кадамдарга баа берилди.
PhD., профессор Жейлан университетке болгон сапары жана кызыгуусу үчүн министр Ажикеевге ыраазычылык билдирди.
Жолугушуудан кийин министр Ажикеев Манас ТВда болуп, жаңыланган студияларды кыдырып, медиа инфраструктурасы боюнча кеңири маалымат алды. Ажикеев өз сөзүндө КТМУнун медиа жана коммуникация тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү аймак үчүн чоң потенциалга ээ экенин белгиледи.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DEzKsONtbNh/?igsh=MWliZHFicjl2cGlqdA==