“Манас” радиосунун “Эң башкысы - ден соолук” уктуруусунун кезектеги чыгарылышынын коногу Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери, жүрѳк-кан тамыр хирургу Ѳзден Везир болду.
2025-жылдын 15-январындагы маектин жүрүшүндө Ѳзден Везир жүрөк-кан тамыр оорулары учурда эң кеңири таралган көйгөйлөрдөн экенин айтып, ооруну алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу кенен маалымат берди. Ошону менен бирге жүрѳккѳ ачык операция жасоо, дартты алдын алуунун маанилүүлүгү жана дарылоо жолдору тууралуу дагы айтып өттү.
Белгилей кетсек, “Манас” радиосунун “Эң башкысы - ден соолук” уктуруусунда саламаттыкты сактоо тармагынын адистери ден соолукка кам кѳрүү, оорунун алдын алуу жөнүндө ѳз кеңештерин айтып, кызыктуу маектерин тартуулап келишет.
Haberin Fotoğrafları: