Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттерге багытталган мамилесин бекемдөөнү жана алардын муктаждыктарын камсыз кылууну улантууда. Ага ылайык, университеттин экономика жана башкаруу факультетинин кантини 2025-жылдын 27-январынан тарта студенттердин тамактануучу жайы катары кызмат көрсөтүп баштады.
Жаңы тамактануучу жайдын ачылыш аземине ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректор, PhD., профессор Режаи Доган жана башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ катышты. “Студенттер – биз үчүн баарынан маанилүү. Бардык студенттерди жаңы тамактануучу жайдын ишке берилиши менен куттуктайм”, – деген ректор Жейлан ачылыштан кийин студенттер менен бирге түштөндү.
Турмуш-тиричиликти тейлөө жана буфеттерди иштетүү бөлүмүнүн мүдүрү Муратбек Жолдошов жаңы тамактануучу жайдын иштөө убактысы жана сыйымдуулугу тууралуу буларга токтолду: “Кыргыз-Түрк “Манас” университетине талап барган сайын артууда. Студенттер көпкө кезек күтпөстөн түштөнүү үчүн тамактануучу жай саат 11:00-14:00 аралыгында иштейт.” Жолдошов ашкананын студенттерге гана кызмат көрсөтөөрүн белгилеп, 100-115 кишилик сыйымдуулук менен ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгүн айтты.
Студенттер университеттин жетекчилигинин бул кадамын баалап, тейлөө сапатынын жогорулашына абдан кубанычта экенин билдиришти.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DFVHCzNNRZ2/?hl=en
Instagram: