Кыргызстан Түркияга боордоштук колун сунду: Түркиядагы кылым апаатынан кийин боордош Кыргызстандын көрсөткөн колдоосу унутулбайт


  • 2025-02-06

 Мындан эки жыл мурун, 2023-жылдын 6-февралында, Түркия жана түрк эли кылымдын эң чоң табигый кырсыгына кабылды. Бир эле күндө болгон эки кубаттуу жер титирөө жана анын аркасынан келген силкинүүлөр он миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн алып, жүз миңден ашык жарандарыбыздын жаракат алышына жана олуттуу экономикалык жоготууларга алып келди. Түркия тарыхындагы эң оор мезгилдердин бирин баштан өткөрдү. Бул чоң кырсык улутубуздун түпкү уӊгусунда жашап келген бөлүшүү, жардамдашуу, ынтымак сыяктуу жогорку баалуулуктардын чындыкта кандай жашай турганын дагы бир жолу көрсөттү. Үшүгөн менен бирге үшүп, кайгырган менен кошо кайгырып, ач калган менен ач калып, ыйлаган менен ыйлап, сабыр кылган менен сабыр, шүгүр кылган менен бирге шүгүр кылуу кандай болорун кайрадан сездик. Бул кырсык көзү көрүп, кулагы угуп, жүрөгү сезгендердин баарына көп нерсени көрсөттү.

Эбегейсиз апаат жалгыз эле Түркияны эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн да башын бириктирди. Биз тарыхый өтмүшүбүзгө, боордоштук байланышыбызга кайрадан кайрылдык. Кыргызстандагы бир туугандарыбыздын ар биринин жүрөгү сыздап, аз да болсо, жардам берүү үчүн аракет кылып, кудайдан тилек кылып жатышты. Жан дүйнөлөрү биз менен бирге жапа чекти. Манас университетинде билим алып жаткан жаштарыбыз Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кол сунуп, жүрөктөн чыккан жылуу тилектерин жолдошту.

            2023-жылдын 6-февралында болгон ири жер титирөөлөр бизге жалгыз эле кайгыны, кыйроону жана кыйынчылыкты эмес, түрк элдеринин боордоштугун жана ынтымагын да көрсөттү. Ошол оор күндөрдө Кыргызстан да жаныбызда болуп, чукул арада жардам кампаниясын уюштуруп, бизге боордоштук колун сунду. Түрк элдеринин түпкүрүнөн келген бул ынтымак духу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы терең байланыштарды дагы бир жолу далилдеди. Жүрөктөн чыккан бул  колдоо элибиздин эс тутумунда ар дайым өзгөчө орунда сакталып калмакчы. Түрк эли кыргыз боордошторубуздун бул теңдешсиз жардамын эч качан унутпайт жана аны ар дайым ыраазычылык менен эскерет.

Кыргызстан жер титирөөдөн кийин Түркияга дароо куткаруучу топ, анын артынан 188 адамдан турган издөө-куткаруу, медициналык жана психологиялык көмөк көрсөтүү тобун жолдоду. Алар Кахраманмараш жана Газиантеп сыяктуу жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда жан үрөп иштеп, бизди жалгызсыратпай жаныбызда болушту. Чын ыкластан көрсөтүлгөн бул жардам эки боордош элдин бири-бирине болгон урмат-сый жана бекем байланышынын эң күчтүү далилдеринин бири болуп калды.

Боордош мамлекет Кыргызстан мындан тышкары 141 миң доллар материалдык жардам көрсөттү. Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 100 кыргыз боз үйүн жана 20 аскердик чатыр жөнөтүп, алардын Кахраманмарашта тигилишин камсыздады. Бул боз үйлөр кыйын кезеңде жылынуучу очок болуп, түрк дүйнөсүндөгү ынтымактын айкын символуна айланды.

Кыргыз эли да бул ынтымакка чын ыкласы менен катышып, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 3 миллион 667 миң түрк лирасы көлөмүндө каражат чогултулду. Андан тышкары, башка мамлекеттик мекемелер тарабынан да жардам кампанияларын уюштурулуп, топтолгон жардам Түркияга жеткирилди. Кыргыз элинин бул кайрымдуулугу түрк элинин жүрөгүндө ары терең, ары жылуу из калтырды.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштук ар дайым орток тарых, маданият жана түркчүлүк байланыштардан чоң күч-кубат алат. Бул оор күндөрдө көрсөтүлгөн чын ыкластуу жардам эки элдин бири-бирине болгон урмат-сыйын жана биримдигинин түбөлүктүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Түрк эли катары, Кыргызстандын асылдык менен коштолгон жылуу мамилесин, кыргыз боордошторубуздун кыйын учурда жаныбыздан орун алганын эч качан унутпайбыз.

Түрк дүйнөсүнүн боордоштугу жана ынтымагы түбөлүк жашайт!

            Учурдан пайдаланып, 2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөөдөн каза болгондорду тереӊ урматтоо менен эскерем жана алар үчүн ырайым тилейм. Жандары бейиште болсун.  Мындан ары Жараткан бардыгыбызды ушул сыяктуу апааттардан сакташын.

Тереӊ урматыбыз менен коомчулукка билдиребиз.

 

 

 PhD., проф. Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору 

    Социалдык медиада бөлүшүү