Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин техникалык программалары бөлүмүндөгү жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасынын студенттери эл аралык сынакта чоң жетишкендикке ээ болушту.
2024-жылдын 16-декабрында Корея өкмөтүнүн колдоосу менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулган “Start-Up дизайн жана долбоор” сынагында студенттер “Экологиялык аң-сезим” темасындагы долбоорлору менен экинчи орунду багындырышты.
Биздин студенттер сынакта көрсөтүшкөн инновациялык ыкмалары жана чыгармачыл долбоорлору менен калыстар тобунун калыстар тобунун өзгөчө баасына татыктуу болушту. “Манас” университетин эл аралык деңгээлде мыкты көрсөтө алган студенттер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Окуу жайдын атынан Аяна Турсуналиева, Азиза Адисова жана Даткайым Молдалиеваны, ошондой эле аларга жетекчилик кылган Нурсултан Каныбековду чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/p/DFwiJSqtIhO/