Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2025-жылдын 5-февралында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Моңголия күнү” иш-чарасын өткөрүп, боордош өлкөлөр ортосундагы байланыштарды дагы да чыңдады.
Студенттик кеңеш башкармалыгы жана моңголиялык студенттер тарабынан уюштурулган иш-чара бир нече адамдын катышуусунда салтанатуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ, окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.
Салтанаттуу иш-чара Моңголиянын бай тарыхын, маданиятын жана салттарын баяндаган тасманы көрсөтүү менен башталып, катышуучулар моңгол элинин тамыры терең тарыхын жана маданий мурасы менен жакындан таанышышты.
Келечекке багытталган орток концепция
Элчи Ганхуяг Содном өз сөзүндө иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындай деди: “Үч өлкөнүн келечеги үчүн баарыбыз колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек.”
Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Борбордук Азиянын престиждүү билим берүү мекемеси КТМУ экенин белгилеп, буларга токтолду: “Биз дагы көптөгөн моңголиялык студенттердин билим алуусун каалайбыз. Алардын бул университетте сапаттуу билим алуусу Кыргызстан, Түркия жана Моңголия үчүн пайдалуу болмокчу. Келечектин жаштарын өстүрүү да биздин чоң милдетибиз.”
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев боордош элдердин ортосундагы мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, орток маданий жана тарыхый баалуулуктарга токтолду. Мындан тышкары, окуу жай бир гана билим берүү менен чектелбей, студенттердин келечекте жумушка орношуусу үчүн түрдүү мекемелер менен кызматташуу келишимдери түзүлүп жатканын айтты.
Иш-чара монголиялык студенттердин концерттик программасы менен уланды. Моңгол улуттук кийимдери менен сахнага чыккан студенттердин аткаруусундагы бийлер жана ырлар көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзып, унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DFxHKeONcCw/?igsh=MWZ4cGxqZmlmeXJhMA==
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DFupB-cNiXK/?igsh=MWxkN29uYmF1Nmo5cw==