“Манас” университетинде түрк тасмасы көрсөтүлдү: Маданий байланыштарды бекемдеген жолугушуу


  • 2025-02-08

Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк маданиятын жана киносун Кыргызстандагы жаштар менен жолуктуруу максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн түркиялык режиссер Чан Юлкайдын “Айла: согуштун кызы” тасмасын көрсөтүү иш-чарасын уюштурду.

Кинозалдагы иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир жана дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен бирге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Бурул Элебесова, доцент Эсра Явузажар, ага окутуучу Фаризат Курамаева жана студенттери катышты.

Тасманын алдында сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир түркология бөлүмүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар боюнча маалымат берди. “Орток түрк алфавитин жайылтуу багытында иш алып баруудабыз. Ага ылайык, баардык жактан колдоо көрсөтүп жаткан элчиликке, кеңешчиликке жана “Манас” университетине ыраазычылык билдирем”, - деди ал.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан КУУнун студенттери менен жолугушканына кубанычта экенин айтып, буларга токтолду: “Биздин университеттин мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстандын бардык университеттери үчүн ачык, андыктан “Манаста” күтөбүз. Окуу жай катары колубуздан келишинче колдоо көрсөтөбүз.”

Реалдуу окуяларга негизделип тартылган тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, өзгөчө сезимдер менен кайтышты.

“Манас” университети Кыргызстанда окуган жаштарга билим алуу борбору болууну улантуу менен бирге түрк маданиятын жана искусствосун таанытуу салтын бекемдеп келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DFy-Do3oz5X/?igsh=aXZ1eGF0c2R6eTFn

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DFy-OH6IlcY/?igsh=ZHh2cXJleDcxa2M3

    Социалдык медиада бөлүшүү