КТМУнун социалдык жоопкерчилик долбоору алкагындагы айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары


  • 2025-02-10

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан жүргүзүлгөн “КТМУнун айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары” аттуу социалдык жоопкерчилик долбоору 2025-жылдын жазгы семестринде студенттик кеңеш башкармалыгы менен бирге Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда башталды.

Иш-чараларда “Манас” университетинин атынан маанилүү ысымдар орун алып, делегацияда Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси жана ректордун кеңешчиси, PhD., профессор Кемал Полат, кенже илим.кызм.док. Айбек Бодошев, ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын маданий массалык иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Бектурсун Сыдыков, студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагасы Акмат Бактыбек уулу жана окуу жайдын студенттери Бурак Жан мененТынчтыкбек Султанбаев болду.

2025-жылдын 6-февраль күнү долбоордун координатору, PhD., профессор Кемал Полаттын жетекчилиги астындагы топ кыш мезгилинин суук күндөрүнө карабастан айылдарга барып, иш-чараларын расмий түрдө баштады. Алгач Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылындагы маданият үйүндө, кийин Семет айыл аймагындагы №7 Шаки Тойматов атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушушту. Билим берүүдө мүмкүнчүлүктөрдү теңдөө максатын көздөгөн сапарда айыл аймактарда билим алып жаткан 9-10-11-класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча кеп-кеңештер айтылып, окуу жай таанытылды.

Ал эми 7-февралда “Манас” университетинен барган делегация Авлетим айылында жайгашкан №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектебине, Кара-Жыгач айылындагы №23 Кадыркул Чекиров атындагы башталгыч мектепке жана Кара-Суу айыл аймагындагы №9 Жеңижок атындагы башталгыч мектепке барышты.

Делегациянын мүчөлөрү окуучуларга убакытты туура пайдалануу жана окууда ийгиликтүү болуу боюнча семинар өтүп, аларга келечекке карай багыт беришти. Мугалимдер менен жолугушкан топ билим берүү процессинде туш болгон көйгөйлөрдү угуп, чечүү жолдору менен бөлүштү.

№7 Шаки Тойматов атындагы орто мектептин директору Гүлнура Рамановна КТМУнун жетекчилигине жана профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдирип, мындай маңыздуу жана пайдалуу иш-чаралардын үзгүлтүксүз уланып туруусун каалады.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймактагы билим берүү жана маалымат берүү иш-чаралары боюнча жүргүзүлгөн иштердин алдыдагы семестрда да чечкиндүү түрдө өтө тургандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында ийгиликтүү окуучуларга делегация тарабынан түрдүү белектер тапшырылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DF45RGsNqiw/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү