Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн окутуучусу, PhD., профессор Йенер Өзен 2025-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кымбаттуу агай үчүн Сатук Бугра Хан атындагы мечитте коштошуу зыйнаты уюштурулуп, ага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир жана дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ менен бирге профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер, студенттер жана жакындары катышты.
Жаназа намазынан кийин Түркиялык илимпоздун сөөгү ата-бабалардын жеринен дубалар менен туулуп-өскөн жери Эрзинжанга узатылды. Өзендин сөөгү 12-февраль күнү Эрзинжан Терзи Баба көрүстөнүнө коюлат.
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына жана “Манас” үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DF7lm6ItOPs/?igsh=OXZnZ2NsZGNuZ3Q4
Manas TV'nin Haberi: