БАРААТ КЕЧЕСИ МААРЕК БОЛСУН


  • 2025-02-13

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү,

13-февраль бейшембиден жумага караган түн Бараат түнү болуп эсептелет. Бул түн каталардан жана күнөөлөрдөн тазаланып, Жараткан Аллах Тааланын чексиз мээримине жана кечиримине кириптер болууга себеп болот. Бараат – мээрим, кечирим жана тазалануу айы болгон Рамазан айынын жарчысы. Ал – кастык жана жек көрүү сезимдеринен арылуу, бардык жамандык, адилетсиздик жана кыянатчылыктан алыс болуу, таарынычтарды жоюу, ызаланган жүрөктөрдү жубатуу, напсибиздин кулчулугунан кутулуу, жакшылыкты издеп, ага умтулуу, кечирим жана мээрим кечеси. Бул ыйык түн бизди жаңылыштыктардан качууга, күнөөлөрдөн арылууга, Улуу Жаратуучунун түгөнгүс мээримине жана кечиримине умтулууга чакырат. Жаратканга, өзүбүзгө жана адамзатка карата жоопкерчиликтерибизди эске салат.

Бараат түнү түрк-ислам дүйнөсүнүн жана бүткүл адамзаттын ибадат кылуусуна, Аллах Таалага жакындоосуна, бир туугандык, биримдик жана тилектештик байланыштарыбыздын бекемделүүсүнө, тообо жана дубалардын кабыл болуусуна себеп болот деп үмүттөнүп, "Манас" үй-бүлөсүн, Кыргызстанды, Түркияны жана түрк-ислам дүйнөсүн берекелүү Бараат түнү менен чын дилимден куттуктайм.

 

PhD., профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү