Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультети 2025-жылдын 11-февралында Түркиянын алдыңкы мейманканаларынын катышуусунда эки күнгө созулган “Карьера күнү” иш-чарасы болуп өттү.
Аталган факультеттин студенттерин Түркиядагы мейманканаларда милдеттүү түрдө практика өтөөсү боюнча жумуш берүүчүлөр менен маектешүү мүмкүнчүлүгүн берген иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында ачылыш аземи менен башталды. Ага туризм факультетинин деканы, PhD., профессор Ясин Бойлу баштаган окутуучулар жамааты, студенттер, ошондой эле Түркиядан келген “Kempinski Hotel The Dome”, “Sirene Belek Hotel”, “Rixos Hotels”, “Kemer Holiday Club Hotel” жана “Kilikiya Palace Göynük Hotel” мейманканаларынын өкүлдөрү катышты.
Декан, PhD., профессор Ясин Бойлу катышуучуларга иш-чаранын максаты жана маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. Андан соң Түркиядан келген өкүлдөр мейманканаларын таанытып, КТМУ менен көп жылдан берки тыгыз кызматташтыкта экенин белгилеп, “Манас” университетинин студенттери менен иштешүүгө кубанычта экенин билдиришти.
Келечекке карай ишеним
Иш-чаранын жүрүшүндө мейманкана өкүлдөрү туризм факультетинин студенттери менен жеке интервьюларды өткөрүп, алардын карьералык пландоосуна багыт беришти. Студенттер Түркиядагы эң алдынкы мейманканалардында практикадан өтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, иш менен камсыз кылган тараптар да КТМУнун студенттеринин кесиптик даярдыктары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мейманкана өкүлдөрү КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, PhD., профессор Режаи Доган менен жолугушушту.
Иш сапардын жүрүшүндө ректор Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык жана тармактык кызматташтыктын маанисине басым жасап, “Манас” университетинде өтүп жаткан “Карьера күнүнө” карата иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдап, студенттер менен иш дүйнөсүнүн ортосунда бекем көпүрө түзүүнү улантууда. Мындай иш-чаралар студенттердин карьералык өнүгүүсүнө салым кошуп, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдейт”, - деди.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде салтка айланган “Карьера күнүнө” карата иш-чаралары бул жылы да студенттерге эл аралык иш мүмкүнчүлүктөрүнүн эшигин ачты. Иш-чара академиялык дүйнөнүн тармактык кызматташтыктары менен биргелешип, келечекке ишеним менен багыт алышына мүмкүнчүлүк берген иш-чара катары бааланды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGAp7Fgt_qW/?igsh=ZGQ3cTZwNjN1M2Iz
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DGAqDBCNLmV/?igsh=MXBsZWUzcDVsMXJlZg==