Ректор Алпаслан Жейлан Түркияда Йенер Өзен менен коштошуу зыйнатына катышты


  • 2025-02-14

PhD., профессор Йенер Өзендин сөөгү 2025-жылдын 12-февралында ата-бабалардын жеринен дубалар менен киндик каны тамган жери Эрзинжанда акыркы сапарга узатылды. 13-февралда Эрзинжан Бинали Йылдырым университетинде өткөрүлгөн коштошуу зыйнатына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан катышып, маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

Коштошуу аземине Эрзинжан шаарынын губернатору, доцент Хамза Айдогду, Эрзинжан шаардык кеңешинин депутаты Сүлейман Караман, Эрзинжан шаарынын мэри Бекир Аксун, Эрзинжан Биналы Йылдырым университетинин ректору, PhD., профессор Акын Левент, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана маркумдун үй-бүлөсү катышты.

Протокол сөздөрүнөн кийин куран жана маркумдун жаназа намазы окулду.

Дубалардын коштоосунда Терзи Баба көрүстөнүнө коюлган PhD., профессор Йенер Өзендин кабырына кызматын арнаган Кыргызстандагы ата-бабалардын жеринен алып келинген топурак коюлду.

Илим дүйнөсүнө жана академиялык жамаатка чоң салым кошкон агайдын жаткан жери жайлуу болсун. Үй-бүлөсүнө, жакын санаалаштарына жана бардык кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGDE9eqt0Dw/?igsh=MWZscDY1cDFuZDh2cA==

    Социалдык медиада бөлүшүү